Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы 2016-жылдын 01-мартында өткөрүлдү.
Сессияны Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишев алып барды.
Күн тартибине төмөндөгү маселелер киргизилип, чечимдер кабыл алынды:
- Токтогул шаардык кеңешинин иш планын бекитүү;
- Токтогул шаарын 2016-2018-жылдарга социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү программасын бекитүү;
- Шаар мэри М.Калмурзаевдин 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угуу, 2016-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолун кароо жана бекитүү;
- Мэриянын,кеңештин аппаратынын штаттык бирдиктерин жана турмуш тиричилик камсыздоо бөлүмдөрүнүн штаттык сан эсебин кароо бекитүү;
- Элдик жыйындагы жашоочулардын өтүнүчүнө ылайык, шаар аймагында маркумдарга мүрзө казуу кызмат көрсөтүүсү боюнча бааны чектөө, жана башка ар кандай маселелер;