Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 07-декабры № 52 Токтогул шаары
Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү боюнча Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 05.12.2023-жылдагы №01-17/1283 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, токтом кылат:
- Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, 2024-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгы ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
- Салыктардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген нормаларга ылайык эсептелип өндүрүлсүн.
- Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү,берилген пландарды аткаруу багытында Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгы менен биргеликте иш алып баруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) , ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов
БЕКИТИЛДИ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 07.12.2023-жылдагы кезексиз XXII сессиясынын №52 токтомуна
Тиркеме
2024-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында
Бекитилген мүлк салыгынын түрлөрү
№ |
Элемент |
Кирешелердин аталышы |
1 |
1131 |
Мүлккө салык |
|
11311 |
Кыймылсыз мүлккө |
|
11311100 |
Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык |
|
11311200 |
2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык |
|
11311300 |
3-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык |
|
11312 |
Кыймылдуу мүлккө салык |
|
113121 |
Транспорт каражаттарга салык |
|
11312110 |
Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык |
|
11312110 |
Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык |
2 |
1132 |
Жер салыгы |
|
11321100 |
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы |
|
11321300 |
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы |
3 |
1415 |
Ижара акысы |
|
14152100 |
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы |
Төрага: М.Т.Борбугулов
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 07-декабры № 53 Токтогул шаары
2024-2026-жылдарга Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнүн болжолун кароо, бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү боюнча Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 07.12.2023-жылдагы №01-17/1313 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, токтом кылат:
- Жогоруда туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, 2024-2026-жылдарга карата Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн тузүлүшүнүн болжолу ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
- Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов
БЕКИТИЛДИ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 07.12.2023-жылдагы кезексиз XXII сессиясынын №53 токтомуна
Тиркеме
Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн
2024-2026-жылдарга түзулушүнүн долбоору
Кирешелердин аталышы |
Кирешелердин беренеси |
2024-2026-жылдаргабюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу |
||
2024-жыл |
2025-жыл |
2026-жыл |
||
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы |
11111100 |
63 221,0 |
70 491,0 |
81 065,0 |
Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык |
11121100 |
|
|
|
Милдеттүү патенттин негизинде |
11122100 |
|
|
|
Ыктыярдуу патенттин негизинде |
11122200 |
|
|
|
Патенттин негизинде салык |
11122300 |
7 020,0 |
7 020,0 |
7 020,0 |
Кыймылсыз мүлккө салык |
11311200 |
150,0 |
154,0 |
160,0 |
Транспорттук каражаттарына салык юридикалык |
11312100 |
200,0 |
200,0 |
200,0 |
Транспорттук каражаттарына салык физикалык |
11132110 |
1 776,0 |
1 776,0 |
1 776,0 |
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы |
11321100 |
1000,0 |
1000,0 |
1000,0 |
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы |
11321300 |
1 850,0 |
1 900,0 |
1 950,0 |
Жалпы салыктык кирешелер |
|
75 217,0 |
82 541,0 |
93 171,0 |
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы |
14152100 |
850,0 |
1000,0 |
1000,0 |
Атайын каражаттар аппарат,бала бакча |
1423 |
12 450,0 |
12 450,0 |
12 450,0 |
Салыктык эмес киршелер |
|
13 300,0 |
13 450,0 |
13 450,0 |
Жалпы кирешелер |
|
88 517,0 |
95 991,0 |
106 621,0 |
Төрага: М.Т.Борбугулов
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 07-декабры № 54 Токтогул шаары
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 17.07.2023-жылдагы кезектеги XV сессиясынын №34 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын Регламентине ылайык, туруктуу комиссиянын курамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, токтом кылат:
- Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын №34 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1-пункту боюнча:
- “Ишеним” саясий партиясынан депутат Нургазиев Тынчтыкбек Гүлжигитович “Экономика,бюджет,финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент,маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.
3-пункту боюнча:
- “Ынтымак” саясий партиясынан депутат Умарова Курманжан Эрнстовна “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы,этикасы,спорт,жаштар саясаты,арыздар,каттар,мамлекеттик стандарт,мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы белгиленсин;
- Медеров Эсентур Нурсланович “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы,этикасы,спорт,жаштар саясаты,арыздар,каттар,мамлекеттик стандарт,мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы болуп шайлансын;
- Туруктуу комиссиялардын ишин координациялоо Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 07-декабры № 55 Токтогул шаары
Муниципалдык тапшырыктар үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Токтогул шаарынын мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору А.Касымовдун 06.12.2023-жылдагы №79/1-02-7 кайрылуу каты “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менджмент, маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, токтом кылат:
- Жогоруда туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен муниципалдык тапшырыктарга 2215 статья менен 690,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
- Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузаковага) милдеттендирилсин.
- Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.