• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги
XXV-сессиясынын
ТОКТОМУ № 111

Токтогул шаары 15 март 2013 жыл

“Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинин 2012-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2013-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011 жылы 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын, Токтогул шаардык Кеңешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Исраиловдун билдирүү, маалыматтарын угуп, талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаардык мэриянын 2012-жылга бюджеттин киреше бөлүгү (атайын каражаттар, трансферттерди кошкондо) 71498,9 мин сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 71403,5 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин (Тиркеме №1,2).

2. 2013-жылга Токтогул шаардык мэриянын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 75376,0 мин сомго бекитилсин (Тиркеме № 3,4).
Анын ичинен:
Теңдөөчү грант – 2385,2 мин сом
Категориалдык грант – 44183,6 мин сом
Жергиликтүү салык, салыктык эмес жыйымдар – 24085,4 мин сом
Атайын каражаттар – 4721,8 мин сом

3. Токтогул шаардык мэриянын 1% резервдик фонду 2013-жылга жалпы көлөмү 221,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Токтогул райондук малекеттик салык башкармалыгынын башчысы Р.Карачаловдун кайрылуу катын карап, талкуулап эки салык инспекторлорунун, бир сектор башчысынын айлык акыларына 373,7 мин сом жергиликтүү бюджеттен кошумча каралып чыгымдалсын. Анын ичинен: Сектор башчы кызматы мэриянын штаттык тизмесинде жок болгондуктан 2256900-ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр статьясынан 182,1 мин сом сектор башчынын айлык акысы жана соц.фондго чегерүү үчүн келишимдин негизинде чыгымдалсын.

5. Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын IV бөлүм, 28 беренесине ылайык айлык акыларды теңдештирүү максатында:

• шаардык мэриянын жана Кеңештин кызматкерлерине кошумча 2111- айлык акы статьясынан 115,8 мин сом жана 2121-соцфондго чегерүү статьясынан 20,1 мин сом, жалпы 135,9 мин сом өлчөмүндө кошумча чыгымдалсын.
• шаардык мэриянын аппарат кызматкерлеринин кайрылуусунун негизинде 12 кызматкерге 01.04.2013 жылдан баштап айлык маяналарына ай сайын 1200 сомдон, жалпы 152,0 мин сом кошумча чыгымдалсын.
Анын ичинен:
2111- айлык акы статьясына – 129,6 мин сом
2121- соц.фондго чегерүү статьясына-22,4 мин сом

• “Ынгайлуу шарт тузүү” комбинатына жумуштун зарылчылыгына байланыштуу 4 (төрт) жумушчу штаты алынып, айлык акылары үчүн жергиликтуу бюджеттин эсебинен 406,0 мин сом өлчөмүндө чыгымдалсын . Анын ичинен:
2111- айлык акы статьясына -346,3 мин сом
2121- соц.фондго чегерүү статьясына-59,7 мин сом

• А.Козубеков атындагы Эс алуу багынын жумушчуларынын айлык акыларына кошумча 95,7 мин сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен чыгымдалсын. Анын ичинен:
2111-айлык акы статьясына-81,6 мин сом
2121-соц.фондго чегерүү статьясына-14,1 мин сом

• Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Таза суу” мекемесинин 4 кызматкеринин айлык акыларына кошумча, жалпы 144,0 мин сом өлчөмүндө чыгымдалсын. Анын ичинен:
2111-айлык акы статьясына-122,8 мин сом
2121-соц.фондго чегерүү статьясына-21,2 мин сом

• 2013 жыл үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү тендөөчү гранттын көлөмү аз бөлүнгөндүгүнө байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4902,9 мин сом айлык акыларды төлөө жана соц.фондго чегерүү үчүн чыгымдала тургандыгы эске алынсын.

6. Бул токтомдун 2 пункту менен бекитилген акча каражатынан арыз, кайрылууларды канаатандыруу үчүн жана Токтогул шаардык мэриясынын алдыдагы аткара турган иштери үчүн бөлүнгөн акча каражаты тиркеме №5ке ылайык чыгымдалсын, аларды тиешелүү статьялар боюнча чыгымдоо жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин (Тиркеме №5).

7. Экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Исраиловдун сунушун эске алып, ар бир кварталда өтүүчү кезектеги сессияга бюджеттик маселелер тууралуу маалымат, билдирүү берип туруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевге, аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевке жана ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

9. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев