• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыктары  боюнча жана 2019-жылга карата пландалып жаткан иштери боюнча маалыматы

 

         Урматтуу Токтогул шаарынын тургундары, бүгүнкү жыйналыштын катышуучулары!

          Токтогул шаардык кеңеши – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы. Шаардык кеңештин ишин уюуштуруу,  пландалган иштерди аткаруу үчүн кеңеште 5 аппарат кызматкери жана 21 депутат  бар. Шаардык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо, даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашыруу, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү үчүн   4 туруктуу комиссия  иш алып барып жатат.

2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Жээнбеков  Сороонбай  Шариповичтин  Жарлыгына ылайык “Аймактарды өнүктүүрү жылы” деп жарыяланган. Бул багытты камтып, 2018-жыл ичинде Токтогул шаардык кеңешинин жана аталган туруктуу комиссиялардын иш пландары иштелип чыгып,  сессияда бекитилип, тийиштүү иштер жүргүзүлүп турду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттери жана функциялары, ошондой эле анын финансы-экономикалык бөлүмүнүн укуктары жана милдеттери жергиликтүү кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

Ошондуктан жылдын башында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн  шаардык кеңештин бюджет жана экономика, билим берүү, медициналык тейлөө иштери, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялары аймактагы социалдык объекттерди кыдырып, алардын кандай маселелери бар, аларды аныктап, коомчулуктун ар кандай сунуш-пикирлерин эске алып,  жыйынтыгында  шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунуштарын угуп, талкууга алышкан. Анын негизинде кирешелердин  болжолдуу  прогноздору тыкыр иликтенип,  жыйынтыгы 2018-жылдын 19- январында терең талкууга алынып, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн  болжолу Токтогул шаардык кеңешинин кезектеги 32 - сессиясынын  № 142 токтому менен бекитилип берилген.

Токтогул шаардык кеңеши жыйналган кирешени сарамжалдуу, максаттуу пайдалануу максатында көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликти жогорулатып иш  алып барууну көздөп, өз компетенциябыздын чегинде иш алып барып турабыз.  

       Негизинен иш ыргагы каражатка байланыштуу болгондуктан, Токтогул шаардык кеңеши  ар дайым бюджеттик саясаттын  туура жүргүзүлүшүнө  көңүл бөлүп келебиз. Себеби бюджеттик процесс - бул бюджеттин долбоорун түзүү, кароо, бекитүү, аткаруу, көзөмөлдөө  экендиги баарыбызга маалым.

Ошондуктан бул маселеге терең маани берип, 2018-жылда боюжетти бекитүү алдында Токтогул шаардык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясы, депутаттардын,  шаар мэринин, ФЭБ башчысынын жана мэриянын салык жыйноочулардын катышуусунда талкуу жүргузгөн. Анын жүрүшүндө  салыктын бардык түрлөрү боюнча кеңири талкууланып, ар кандай пайдалуу сунуш-пикирлер айтылып, жыйынтыгы 2018-жылга  өз жемишин берди деп айта алабыз.  Себеби аткаруу органы тарабынан көптөн бери салыктары төлөнбөгөн объекттер, жерлер  такталып, бул багытта алгылыктуу иштер алынып барылууда.   

Эң оболу шаарыбызда элдин жашоо турмушун жакшыртуу боюнча көйгөйлүү маселелери аныкталып, калкты социалдык жактан коргоонун программалары бекитилип, алардын ырааттуу аткарылышы  боюнча алгылыктуу иштердин  жүрүп жаткандыгы боюнча Сиздер жогоруда Токтогул шаарынын мэринин маалыматынан угуп, тааныша алдыңыздар.

Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын жана шаар мэринин  демилгеси менен шаарыбыздын ички жолдорун оңдоп түзөө, көчөлөрдүн чектеринен чыгып алган тургундар менен иш алып барып, муниципалдык менчиктеги жерлерди бошотуу, тротуарларды куруу, балдар ойноочу аянтчаларды куруу жана башка иштер  пландалып, талууланып, аталган иштердин аткарылуусу боюнча атайын чечимдер кабыл алынып, аткарууга берилген. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү тиешелүүлүгүнө жараша алардын аткарылышын өз көзөмөлдөрүнө алып турушту.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  - шаардык кеңештин жана шаардык мэриянын  максаты дагы, багыты дагы шаар туругундарынын  татыктуу жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү. Жогоруда айтылгындардан өзүңүздөр угуп, баамдагандай ички, тышкы инвестициялардын басымдуу бөлүгү калкка кызмат көрсөтүүчү объекттерди курууга, оңдоого, түнкү жарыктандырууга багытталып жатат. Андыктан иш аркетерибиздин акыбети кайтып, акырындап алга жылуунун, өсүүнүн жышааны байкала баштады деп айтсак дагы болот.

Мыйзамда белгиленгендей жергиликтүү кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы сессияларды өткөрүп, чечимдерин токтом түрдө кабыл алуу болгондуктан, 2018-жылы жалпысынан 13 жолу сессия чакырылып, алардын ичинен 6 кезектеги, 7 кезексиз сессиясы болуп өттү. Күн тартибинде жалпысынан   маселе каралып, аларды талкуулоонун  жыйынтыгы менен  44  токтом кабыл алынып, ошондой эле 15 протоколдук тапшырма аткарууга берилген.

Жылдан жылга информатика жана технология өсүп,  мыйзам тарабынан дагы жаңы  талаптар коюла бшатагандыгына байланыштуу,  201-жыл ичинде өткөрүлгөн 13 сессиянын жыйынтыгында Токтогул шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган   баардык токтомдору   toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылып, облустук юстиция башкармалыгы аркылуу  ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине  киригизилип,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылар жарыялануучу сайтында жарыяланып жатат. Мындай иш-аракеттерибиз менен, биз,    жашоочуларыбыз үчүн ачык бюджет  саясатын  ишке ашыруу, калктын толук, так маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн  арттыруу, социалдык адилеттүүлүк, коллегиалдуулук, мыйзамдуулук сыяктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын принциптерин жүзөгө ашырып келе жатабыз.

       Жогоруда аталган токтом, протоколдук тапшырмалардын  аткарылышы боюнча Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлери жана депутаттардын курамынан түзүлгөн туруктуу комиссиялар тарабынан көзөмөлгө алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп турду.

Жалпысынан 2018-жыл ичинде Токтогул шаардык кеңешине аткаруу органынан, ар кандай мекеме-уюмдардан, жеке ишкерлерден 110 кайрылуу, өтүнүч каттар, ал эми жеке жарандардан  21 арыз, каттар катталган.  Алардын бардыгы каралып, тиешелүүлүгүнө жараша туруктуу комисияларга, аткаруу органына жиберилген.  Аткарыла элек токтом, протоколдук тапшырмалар боюнча иштер улантылып жатат.

  2018-жыл ичинде жалпысынан 130 чыгыш кат жогорудагы аталган арыз, кайрылуу, өтүнүч каттарга жооп  жана депутаттык суроо-талап катары тиешелүү даректерге жөнөтүлгөн.

       Натыйжада, Токтогул шаарынын мэри Болот Турдуевич Болгонбеков баштаган  шаардык мэриянын кызматкерлери кабыл алынган токтомдорду өз убагында аткарууга алып, өздөрүнүн ишке болгон жогорку жоопкерчилигинин негизинде, мыкты ийгиликтерге жетише алдык десек болот.

Бирок айрым учурларда биз канчалык аракет кылганыбыз менен калктын суроо талаптарына ылайык жергиликтүү маанидеги жана мамлекет тарабынан ыйгарылган кызматтарды жеткиликтүү жана сапаттуу көрсөтүү жергиликтүү бюджетибиздин мүмкүнчүлүгүнө негизделип калып жатат. Ошондуктан жогоруда айтылгандарга таянып, шаарыбызда бардык маселелер чечилип калды дегенден алыспыз, ийгилик болгон жерде кемчиликтер дагы болбой койбойт экен. Биз  мындан нары дагы чечилбей келе жаткан  маселелерибиздин алкагында иш алып баруу үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктү ырааттуу пайдалануу,  сырттан инвестиция тартуу аркылуу чечүүгө талыкпастан аракет жасайбыз. 

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу, шаардык кеңештин депутаттарынын,  аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерибиз дагы улантылып келе жатат.

Ошондой эле  Токтогул шаардык кеңешинин депутаттары,  өз каражаттарынын эсебинен шаарыбыздагы жалпы 15 тоголок жетим балдарга жаңы окуу жылына карата 30 миң сомго кийим чече алып беришти жана карыялар үйүнө 10 миң сомго тамак –аш түрүндө көмөк көргөзүштү. Мындан сырткары “АДРА” кайрымдуулук фондунун эсебинен шаарыбыздагы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн мектеп жашындагы балдарына 100 пар бут кийим алып берүүгө жетиштик. Учурда мындай иштерибиз дагы улантылып, ар кандай фонддор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.  

       Азыркы күндө биз 2019- жылга карата даярдык көрүп жаткан учурубуз. Жогоруда аталган иштер бизге чек эмес,  алдыда жашоочуларыбыздын бакубат жашоосу, жаштарыбыздын жаркын келечеги үчүн аткарыла турган дагы  иштерибиз арбын.  Негизинен орчундуу маселелер болгон: шаарыбыздын алыскы кичи райондорунда  балдар бакчаларын, мектептерди куруу, ички жолдорду асфальттоо, тротуарларды, аллеяларды куруу,  спорт комплексин куруу ж.б. пландалып жаткан иштер жөнүндө жогоруда кеңири айтылып өттү. Биз дагы бул жылы 2019-2021жылга карата Токтогул шаарынын социалдык –экономикалык өнүгүү программасынын негизинде иш жүргүзүүгө багыт алабыз.  

        Урматтуу бүгүнкү элдик жыйындын катышуучулары!

        Токтогул шаарын өнүктүрүү  бардыгыбыздын колубузда, ар кимибиз өз салымыбызды кошолу. Шаарыбыздагы кандай  жетишкендик, ийгилик болсо, ал ар бирибиздин салымыбыз деп билели. Айрыкча азыр шаарыбызда тазалык маселеси өтө курч бойдон калууда, бул маселеге дагы көңүл буруп, таза шаарда, таза жашоого бардыгыбыз бирге иштейли.              

        Жогоруда айтылгандай, шаарыбыздын өсүп өнүгүүсү, калктын бакубат жашоосу боюнча өз сунуштарыңыздар болсо Токтогул шаардык кеңешине, Токтогул шаардык мэриясына кайрылсаңыздар,  сиздердин кеп-кеңешиңиздерди дагы эске алууга аракет кылабыз. 

       Ошондуктан урматтуу шаар тургундары, шаардык кеңештин депутаттары, шаардык мэрия баарыбыз бирге ынтымакта, жыйнактуу иш алып барсак, 2019-жыл үчүн алдыда пландалып жаткан иштерибизде дагы  көп ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм.

     Баарыңыздарга бекем ден соолук, иштериңиздерге ийгилик каалайм.

     

    Даярдаган: 

 

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                      С.Наралиева

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXXII   сессиясы,  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн

2018-жылга карата болжолун бекитүү жөнүндө 

2018-жылдын 19-январында  Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXXII сессиясы болуп өттү. Сессияны Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишев алып барды.

Жалпы 15 депутат катышты.

Күн тартибине төмөндөгү маселелер киргизилди:  

  1. Токтогул шаарында 2017-жыл ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча аткарылган иштер, жергиликтүү бюджеттин киреше жана  чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Токтогул шаарынын мэринин отчетун угуу.
  1.    Мэриянын алдындагы “Ыңгайлуу шарт”, “Суу канал” ишканаларынын 2017-жыл ичиндеги аткарган иштери, бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча кеңири маалыматтарын угуу.
  1.  “Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемеси аркылуу атайын эсептин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы  боюнча Байкоочу кеңештин  өкүлү М.Исаковдун маалыматын угуу.
  1.    Токтогул шаардык мэриясынын 2018-2020-жылдар үчүн жаныланган социалдык-экономикалык өнүгүү программасын талкуулоо, бекитүү.
  1. 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолун кароо, бекитүү, бюджетке байланышкан кайрылууларды кароо. 
  1.  Шаардык кеңештин, шаардык мэриянын жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн штат бирдиктерин кароо жана бекитүү;    
  1. Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жылга иш планын бекитүү.
  1. Ар кандай маселелер

Жогорудагы маселелердин бардыгы алдын ала тиешелүү туруктуу комиссиялардын жыйналыштарында каралып, корутундулары сессияга сунушталды.  Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маалыматтар толугу менен угулду, депутаттар тарабынан сунуш, пикирлер айтылды.

 Жыйынтыгында Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин 2017-жыл ичинде аткарган иштери “канааттандырарлык” деп бааланды.

Мындан сырткары “Таза коом-Жаңы доор” өнүгүү программасынын алкагында иштелип чыккан  Токтогул шаарын 2018-2020-жылдарга социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү программасы, шаардык кеңештин 2018-жылга карата иш планы талкууланып, сессиянын жүрүшүндөгү  сунуштарды эске алуу менен  бекитилип берилди..  

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2018-жылга карата болжолу кызуу талкууга алынып, айрым өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитилип берилди.  Мэриянын жана кеңештин  штаттык бирдиктери каралып, бекитилди.

            Күн тартиби боюнча каралган маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынып,  мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлдү, www.toktogul.kg веб-сайтына жарыяланды. Аталган токтомдор жана башка протоколдук тапшырмалар Токтогул шаардык мэриясына аткарууга берилди.

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                     С.Наралиева