• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыктары   жана 2020-жылга карата пландалып жаткан иштер боюнча маалыматы

                   Токтогул шаардык кеңеши – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы. Шаардык кеңештин ишин уюуштуруу, өз компетенциябыздын алкагында иштерди аткаруу үчүн кеңеште 5 аппарат кызматкери жана 21 депутат  бар. Шаардык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо, даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашыруу, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү үчүн   4 туруктуу комиссия  иш алып барып жатат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттери жана функциялары, ошондой эле анын финансы-экономикалык бөлүмүнүн укуктары жана милдеттери жергиликтүү кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

Негизинен иш ыргагы каражатка байланыштуу болгондуктан 2019-жылдын башында бюджетти бекитүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн  шаардык кеңештин бюджет жана экономика, билим берүү, медициналык тейлөө иштери, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялары аймактагы социалдык объекттерди кыдырып, көйгөйлүү маселелерин  аныктап, коомчулуктун ар кандай сунуш-пикирлерин эске алуу менен  шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунуштарын угуп, талкууга алганбыз.

Мындан сырткары,  депутаттардын,  шаар мэринин, ФЭБ башчысынын, башка тиешелүү адистеринин жана Токтогул райондук салык башкармалыгынын Токтогул шаары боюнча кураторунун   катышуусунда атайын талкуу  уюштурулду, салыктын бардык түрлөрү боюнча ар кандай пайдалуу сунуш-пикирлер айтылды.

Мыйзамда белгиленгендей жергиликтүү кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы сессияларды өткөрүп, чечимдерин токтом түрдө кабыл алуу болгондуктан, Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен   шаарыбыздын ички жолдорун оңдоп түзөө, көчөлөрдүн чектеринен чыгып алган тургундар менен иш алып барып, муниципалдык менчиктеги жерлерди бошотуу, тротуарларды куруу, балдар ойноочу аянтчаларды куруу жана башка иштер  пландалып, талкууланып, аталган иштер боюнча атайын чечимдер кабыл алынып, аткарууга берилген.

2019-жылы жалпысынан 10 жолу сессия чакырылып, алардын ичинен 4 кезектеги, 6 кезексиз сессиясы болуп өттү. Күн тартибинде жалпысынан   54 маселе каралып,  аларды талкуулоонун  жыйынтыгы менен  шаардын турмушунда маанилүү деп эсептелген социалдык жана экономикалык түрдүү багыттагы  43  токтом кабыл алынып,  ага кошумча  34  протоколдук тапшырма аткарууга берилген.

Жогоруда аталган токтом, протоколдук тапшырмалардын  аткарылышы  Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлери жана депутаттардын курамынан түзүлгөн туруктуу комиссиялар тарабынан көзөмөлгө алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп турду. Айрым аткарыла элек  токтом, протоколдук тапшырмалар боюнча себептери такталып, кошумча иш аракеттер ушул жылы дагы улантылат.

Жалпысынан 2019-жыл ичинде Токтогул шаардык кеңешине аткаруу органынан, ар кандай мекеме-уюмдардан, жеке ишкерлерден 155 кайрылуу, өтүнүч каттар, ал эми жеке жарандардан  25 арыз, каттар катталган.  Алардын бардыгы каралып, туруктуу комисияларга, аткаруу органына жиберилген. 

  2019-жыл ичинде жалпысынан 172 чыгыш кат жогорудагы аталган арыз, кайрылуу, өтүнүч каттарга жооп  жана депутаттык суроо-талап катары тиешелүү даректерге жөнөтүлгөн.

Токтогул шаардык кеңешинин депутаттары,  өз каражаттарынын эсебинен шаарыбыздагы жалпы 15 окуучу балдарга жаңы окуу жылына карата 30 миң сомго кийим кече алып беришти.  Мындан сырткары “АДРА” кайрымдуулук фондунун эсебинен  Бөкөнбаев, Турдумамбетов, Токтогул жана Ормонбеков атындагы мектептерде окуган аз камсыз болгон 110 окуучу балага бут кийим алып берүүгө жетиштик. “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишкансындагы жумушчуларга, башка муктаж үй-бүлөнүн балдарына 21 даана бут кийим алып бердик.  Карыялар үйүнө 20 миң сомго тамак –аш түрүндө көмөк көргөздүк.

Ошондой эле депутаттын өз каражатынын эсебинен Топбаза жана Таласбай кичи-райондорунун бир бөлүгүндөгү жашоочуларга ичүүчү суу жеткирүү үчүн 500 м суу түтүгү сатылып берилип, алар ичүүчү суу менен камсыз болушту. Мындай иштерди улантуу үчүн башка мүмкүнчүлүктөр дагы каралууда.

 Шаарыбызда балдар бакчасынын жетишсиздиги эң орчундуу болуп турганда, Өкмөткө, жогорку органдарга кайрылып, сүйлөшүүлөрдүн негизинде 1-кичи районуна балдар бакчасын куруу үчүн мамлекеттик менчиктеги,  бирок бош турган  0,32 га жерди муниципалдык менчикке алууга жетиштик. Учурда балдар бакчасын куруу үчүн  долбоорун, сметалык бааларын эсептеп, даярдоо боюнча мэрияга тапшырма берилди, каржылоо булактарын дагы карап жатабыз.

       Азыркы күндө биз 2020- жылга карата даярдык көрүп жаткан учурубуз. Эң көйгөйлүү маселелерди  2020-2022-жылга карата Токтогул шаарын социалдык –экономикалык өнүкттүрүү программасына киригизип, аларды ишке ашыруу үчун ички жана сырткы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, анын негизинде иш жүргүзүүгө багыт алабыз.  

          Токтогул шаарын өнүктүрүү  бардыгыбыздын колубузда, ар кимибиз өз салымыбызды кошолу. Шаарыбыздагы кандай  жетишкендик, ийгилик болсо, ал ар бирибиздин салымыбыз деп билели. Айрыкча азыр шаарыбызда тазалык маселеси өтө курч бойдон калууда, бул маселеге дагы олуттуу көңүл буруп, таза шаарда, таза жашоого бардыгыбыз биригип иш алып баралы.         

        Шаарыбыздын ар тараптан өсүп өнүгүүсү, калктын бакубат жашоосу боюнча өз сунуштарыңыздар болсо Токтогул шаардык кеңешине, Токтогул шаардык мэриясына кайрылсаңыздар,  алдыдагы иштерибизди пландоодо сиздердин кеп-кеңешиңиздерди дагы эске алууга аракет кылабыз.