Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»  мыйзамынын талаптарына ылайык  Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңеши улук топтогу  башкы адис кызмат орунуна сынак жарыялайт :

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Башкы адис:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Педагогикалык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн зарыл болгон документтер:

  • конкурстук комиссиянын атына жазылган арызы;
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы;
  • сүрөт 3х4 өлчөмдө 2 даана;
  • паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документтин көчүрмөсү;
  • зарыл кесиптик билиминин, иш стажысын жана квыалификациясын ырастоочу документтеринин (диплом, эмгек китепчеси) көчүрмөлөрү (нотариалдык түрдөгү же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган), (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү жөнүндө тактама);

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү № 5, Токтогул шаардык кеңеши, 1-кабат.

Байланыш тел. 03747 5 04 51,  0773 (705) 80 29 46

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген талапкерлерге сынак өткөрүү убактысы менен орду жана башка маалыматтар кошумча билдирилет.  

   Жооптуу катчы:                                       С.Наралиева