• Печать

 

ЖАРЫЯ

 Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»  мыйзамынын талаптарына ылайык  Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңеши кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орунуна конкурс жарыялайт:

Квалификациялык талаптар:

Жетектөөчү адис:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим - Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Педагогикалык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.