Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын
кезексиз ХП-сессиясынын

ТОКТОМУ № 56

Токтогул шаары 2011-жылдын 20-апрели

Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо жана ал боюнча эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү.

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын 49-беренсинин, «Айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобонун 5-главасын жетекчиликке алуу менен, Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколун негизинде, Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз ХП-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 3 протоколу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесинин З-бөлүмүнүн жана «Айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобонун 5-главасынын 33- болумунун негизинде, Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон Калмурзаев Марат Сагынбекович шайлансын.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков