• Печать

Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VIII- сессиясынын

ТОКТОМУ № 41

Токтогул шаары 2011-жылдын 20-апрели

Токтогул поселогунун көчөлөрүнө атайын авто унаа токтоочу жайларды уюштуу боюнча

КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” 15.03.2002 жылдагы № 37 Мыйзамынын ( КР 19.08.2005-жылдын № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык), 4-5 бөлүмдөрүнүн негизиде Токтогул поселогунун көчөлөрүндөгү авто унааларды тартипке келтирүү жана айдоочуларга ынгайлуу шарт түзүү максатында атайын авто унаа токтоочу жайларды уюштуруу жөнүндө Токтогул поселкалык Кеңешинин депутаттарынын ой пикирлери угулуп жана талкууланып Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VIII –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул поселогунун А.Сүйөркулов атындагы көчөсү менен М.Шарипов атындагы көчөлөрүнүн кесилишинен Бөкөнбаев атындагы көчөгө чейин биринчи авто унаа токтоочу жай;
• А.Сүйөркулов көчөсүнөн Д.Черноткач көчөсүнүн кесилишинин он жана сол жактары боюнча экинчи авто унаа токтоочу жай;
• Д.Черноткач көчөсүнөн А.Сүйөркулов көчөсүнө жана Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине чейин үчүнчү авто унаа токтоочу жай болуп белгиленсин.

2. Авто унааларды токтотуп, аларды көзөмөлгө алуу үчүн Токтогул поселкалык Өкмөтү тарабынан атайын кызмат адамдары алынсын жана ар бир авто унаалардын токтоо акысына 5 (беш) сом өлчөмүндөгү акы алуу белгиленип, түшкөн акча каражаты поселоктун бюджетинин киреше бөлүгүнө чегерилсин.

3. Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Чормошовго тапшырылсын.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков