Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын
кезектеги VIII- сессиясынын

ТОКТОМУ № 40

Токтогул шаарчасы 20-апрель 2011-жыл
Токтогул поселогунун ички аймагына көрнөк-жарнактарды илүү жөнүндө

КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” 15.03.2002 жылдагы № 37 Мыйзамынын, ( КР 19.08.2005 жылдын № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык), 5-бөлүгүнө ылайык Токтогул поселогунун ички аймагына көрнөк-жарнактарды илүү боюнча Токтогул поселкалык Кеңешинин төрагасы А.Асылбековдун сунуш, пикирлери угулуп, Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VIII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул поселогунун ички аймагына көрнөк-жарнактарды илүү үчүн поселокто жайгашкан мекеме- ишкана уюмдар жана менчигинин түрүнө карабастан жеке ишкерлер ар бир көрнөк-жарнакка жыл ичинде 6 000 (алты мин) сом өлчөмүндө акча каражатын төлөө белгиленип бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын жагы көзөмөлдөө Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн алдындагы “Ынгайлуу шарт түзүү” комбинатынын инженери А.Маранбаевге милдеттендирилип тапшырылсын.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков