• Печать

Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын
кезексиз VI- сессиясынын

ТОКТОМУ № 28
Токтогул шаарчасы 18 .02. 2011 – жыл.

Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын этикасы

Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынынкезексиз
VI –сессиясы туруктуу комиссиянын төрагасы А. Исманалиевдин билдирүү маалыматын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутат-анын кадыр-баркына, ошондой эле жергиликтүү Кеңештин жана бүтүндөй мамлекеттин кадыр-баркына зыян келтириши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерден жана жосундардан карманууга тийиш.
2. Депутат- башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар намысын урматтоого тийиш, алардын абийирине зыян келтирген мазактоо түрүндө сөздөрдү айтышына жол берилбейт. Ошондой эле алардын саясий, рассалык, жыныстык жана башка таандыктыгына карабастан калыс мамиле кылууга милдеттүү.
3. Жергиликтүү Кеңештин депутаттары тийиштүү ченемдик укуктук актыны жетекчиликке алуу менен ачык-айкын маселелерди кароодо бүтүндөй шайлоочулардын таламдарын эске алуулары зарыл.
4. Депутат-Жергиликтүү Кеңеште жана анын органдарында өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн белгиленген иштоо тартибин так сактоого милдеттүү
5. Шайлоочулар менен жекече жолугушууда депутат кесипкөйлүктүн, ак ниеттүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болууга умтулууга тийиш.
6. Жергиликтүү Кеңештин депутаты Кеңеште кандайдыр бир маселени сыйлык акы алуу үчүн илгерилетүүгө тийиш эмес.
7. Токтогул поселкалык Кеңештин депутаттары комиссиялык отурумдардага жана сессияга жуйолуу, белгилүү себептер менен келе албаса поселкалык Кеңештин төрагасына кагаз жүзүндө кезексиз сессияга 1 күн, кезектеги сессияга 2 күн калганда билдирүү жагы милдеттендирилсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул поселкалык Кеңешинин төрагасы А. Асылбековго тапшырылсын.

9. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков