• Печать

Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI -чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясынын

ТОКТОМУ № 86

Токтогул шаарчасы 2012-жылдын 31-октябры

Поселоктогу коомдук уюмдардын, дин уюмдарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул поселкалык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын мүчөсү депутат Б.Азимовдун маалымат билдирүүсүн угуп жана талкуулап Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI -чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Поселоктогу коомдук уюмдардын, дин уюмдарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Токтогул поселкалык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын мүчөсү Б.Азимовдун маалыматы эске алынсын.

2. Токтогул поселогунда жайгашкан эки мечиттин, эки намазкананын шарты талапка жооп бергенин белгилеп, калган намазканадардын шарты толук түзүлбөгөнү баса көрсөтүлсүн.

3. Намазканалардын шартын толук түзүү, жаш балдардын ден-соолугуна көнүл буруп атайын жылуу суу уюштуруу, имараттын ичин жылытуу, төшөнчү оорун менен камсыздоо намазкананын имамдарына (молдолорго) милдеттендирилсин.

4. Каза болгон маркумдун жайын казуу акча каражаты 3000 сомдон ашырбоо жагы белгиленип, иреетке келтирүү жагы поселоктун башкы имамына тапшырылып жүктөлсүн.
– Поселоктогу элге акча өлчөмүн жеткирүү поселоктогу башкы имамдан суралсын.
– Маркумдун жайын казууга керектелүүчү курал-шаймандарды (кетмен, күрөк, лом, чукулдук жана башка куралдарды) Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн чарба башчысы Б.Досбаев тарабынан сатылып алынып поселоктогу чоң (негизги) мечитке анын имамына тапшырылып, пайдалану жагын көзөмөлдөөнү уюштуруп чечүү жана жетекчиликке алуу башкы имамга тапшырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысы М.Калмурзаевге, аткаруу жагы социалдык маселелер боюнча башкы адис Т.Бекташовага тапшырылсын.

6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков