Токтогул поселкалык Кеңешенин XXVI-чакырылышынын кезексиз XV- сессиясынын

ТОКТОМУ № 63

Токтогул шаарчасы 2012-жылдын 23-январы

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жер салыгын жана мүлк салыгын киргизүү боюнча

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кодексин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 мыйзамынын негизинде мамлекеттик салык кодексинин №3 статьясынын 3 пунктуна ылайык, Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын маалыматын угуп жана талкуулап Токтогул поселкалык Кеңешенин XXVI-чакырылышынын кезексиз XV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кодексин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 мыйзамынын негизинде мамлекеттик салык кодексинин №3 статьясынын 3 пунктуна ылайык көрсөтүлгөндөй 2012-жылдын 1-январынан баштап Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн аймагындагы кыймылсыз мүлктүн 1,2,3 тобуна тиешелүү мүлккө жана жерге салыктар киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кодексинин негизинде кыймылсыз мүлктүн 1,2,3 тобуна тиешелүү мүлккө жана жерге салыктарды толук тактап чогултуу Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн улук салык инспектору, сектор башчысы С.Абышовго жана салык инспекторлору Ж.Картаевага, М.Токтоназаровага милдеттендирилсин.

3. Токтомду аткаруу Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага жана сектор башчысы С.Абышовго тапшырылсын.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысы М.Калмурзаевге тапшырылсын.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков