• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXII – сессиясынын
ТОКТОМУ № 138

Токтогул шаары                                                                25-октябрь 2013-жыл

Токтогул шаарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылууда башкы суу кампадан келүүчү суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө, алдыдагы кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча

Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXI – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Суу канал” ишканасынын аткарып жаткан иштеринде жетишкендиктер менен бирге айрым кемчиликтердин бар экендиги белгиленип, аларды оң жолго койуу үчүн кечиктирилгис иштер жүргүзүлсүн.

2. Токтогул шаарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн суу түтүктөрүн оңдоп, алдыдагы кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү боюнча иштерди тиешелүү дэңгээлде жүргүзүү, ошондой эле башкы суу кампасынан Каракашка чейинки аралыктагы суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерин 2013-жылдын 10-ноябрына чейин бүткөрүү жагы “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун жалпы аткарылышын камсыздоо жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Азакеевге жана анын башка мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кенешинин төрагасы: К.Дербишев