Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXXI – сессиясынын
ТОКТОМУ № 137

Токтогул шаары 18-сентябрь 2013-жыл

Токтогул шаарынын аймагында жашаган айрым жарандарга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу, Ардак Грамоталар менен сыйлоо жана “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү үй” боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун бекитүү жөнүндө

Токтогул шаардык Кеңешинин “Оз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, даректуу жардам жана жумушсуздук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Азимовдун маалымат, билдирүүсүн угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXI – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаардык мэриясынын жергиликтүү жамаатынын уставынын ХII-бөлүмүнүн 1,2 пунктарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча жогоруда аталган туруктуу комиссиянын кабыл алган чечими бекитилсин жана төмөндөгү аты аталган жарандарга Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
1) Эсенкожоев Алипбай – Улуу Ата Мекендик Согуш жылдарындагы оруктун эмгекчиси, пенсионер
2) Исмаилов Самыйбек – Токтогул шаарынын аксакалдар кеңешинин төрагасы, пенсионер
3) Бекматжанова Акылай – ардактуу пенсионер
4) Жакыпов Кален- Саламаттыкты сактоо тармагынан
5) Аскаров Самат- Маданият тармагынан

2. Токтогул шаарынын аймагындагы үлгүлүү көчөлөрдү, үйлөрдү тандоо жагы Токтогул шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссияга тапшырылсын.

3. “Ардактуу атуул” төш белгисин күбөлүгү менен, Ардак Грамоталарын, “Улгүлүү көчө”, “Үлгүлүү үй” тактайчаларын камсыздоо жагы Токтогул шаардык мэриясына тапшырылсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Азимовго милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине) жайгаштырылган кундон баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кенешинин төрагасы: К.Дербишев