• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXXI – сессиясынын

ТОКТОМУ № 136

Токтогул шаары                                                                                18-сентябрь 2013-жыл

 Токтогул шаарынын аймагында жер салыктарын жана 1,2,3 топтогу мүлк салыктарын киргизүү жана зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө

Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси К.Жумалиевдин, Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору М.Чыныбековдун берген маалымат, билдирүүлөрүн   угуп, талкуулап, Токтогул  шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги  XXXI – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 5-статьясынын 5-бөлүгүнүн, 14-статьясынын 1-бөлүгүнүн, 339-статьясынын 4-бөлүгүнүн негизинде, 2014-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында жер салыктары, 1,2,3 группадагы мүлк салыктары киргизилсин жана (К3) зоналык коэффициент 1,0 өлчөмүндө белгиленип, бекитилсин.

 2. Жогоруда аталган салыктык жыйымдарды тактап,  толугу менен эсептеп чогултуу жагы Токтогул шаардык мэриясынын салык инспекторлору Ж.Картаевага жана Ш.Жаманкуловага тапшырылсын.

3.Токтомду  аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы        Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Исраиловго тапшырылсын.

5.Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине)  жайгаштырылган кундон баштап күчүнө кирет.

 Токтогул шаардык

Кенешинин төрагасы:                                           К.Дербишев