• Печать

Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXXI – сессиясынын
ТОКТОМУ № 135

Токтогул шаары                                                                            18-сентябрь 2013-жыл

Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXV сессиясында 15.03.2013 жылы кабыл алынган № 1(111) Токтомдун № 4 Тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын маалыматын жана Токтогул шаардык Кенешинин төрагасы К.Дербишевдин, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXI – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогоруда айтылгандардын негизинде, Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясында 15.03.2013 жылы кабыл алынган № 1 (111) Токтомунун № 4 Тиркемесине өзгөртүү киргизилсин.

2. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, “Таза суу” мекемесине жыл башында 22156900 статьясы боюнча каралган акча каражатынан 400,0 (төрт жүз миң) сом ушул эле мекеменин 31112390 статьясына жылдырылсын.

3. Пландарга өзгөртүү киргизуу боюнча билдирме (уведомление) беруу жагы Токтогул райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Исраиловго милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине) жайгаштырылган кундон баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кенешинин төрагасы: К.Дербишев