Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз  XXX – сессиясынын

 Т О К Т О М У № 134

 Токтогул шаары                                                        23-август 2013- жыл

Токтогул шаарынын  Малгараев № 38 үйүнүн жашоочусу У.Нусуповдун,  Кутманбаев  № 42 үйүнүн жашоочусу Т.Имашовдун, Ботбаев №38/3 үйүнүн жашоочусу Б.Токтогулованын  арыздары боюнча

Токтогул шаардык Кенешинин төрагасы К.Дербишевдин жана башка депутаттардын сунуш, пикирлерин  угуп жана талкуулап,  Токтогул  шаардык Кенешенин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXX – сессиясы

 Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

 1. Жогоруда аты аталган арыз ээлери  калктын аялуу катмарына кирген,  социалдык колдоого муктаж үй бүлөөлөр болгондугуна байланыштуу, аларга төмөндөгү көлөмдө акча каражаттары бөлүнүп берилсин:

–         У.Нусуповго – 15,0 (он беш миң)   сом

–         Т.Имашовго – 5,0  (беш миң) сом.

–         Б.Токтогулова – 20,0 (жыйырма миң)   сом

2. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага  тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык

Кенешинин төрагасы:                              К.Дербишев