• Печать

Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIX – сессиясынын

ТОКТОМУ № 130

Токтогул шаары 18-июль 2013-жыл

“Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясында 15.02.2013 жылы кабыл алынган № 106 Токтомун кучун жоготту деп табуу боюнча”

Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын башчысы Р.Карачаловдун № 487 18.06.2013-жылы жазылган каты боюнча Токтогул шаардык Кенешинин төрагасы К.Дербишевдин берген билдируусун угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын ченемдик, укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIX – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамда белгиленген ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн, аны кучун жоготту деп табуунун тартибине ылайык жана Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын башчысы Р.Карачаловдун № 487 18.06.2013-жылы жазылган катын эске алып, Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясында 15.02.2013 жылы кабыл алынган № 106 Токтому 01.07.2013-жылдан баштап кучун жоготту деп табылсын.

2. Мамлекттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгына убактылуу өткөн Токтогул шаардык мэриясынын 2 (эки) салык кызматчысынын айлык маяналарына кошумча, жергиликтуу бюджеттин эсебинен, төлөнуп жаткан акча каражаты жана кошумча алынган 1(бир) сектор башчысы үчүн жергиликтуу бюджеттин эсебинен төлөнүп жаткан айлык маянасы 01.07.2013- жылдан 31.12.2013-жылга чейинки аралыгы эсептелип, кыскартылсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага, ал эми аткарылышын козомолдоо жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын торагасы А.Исраиловго милдеттендирилсин.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине) жайгаштырылган кундон баштап кучуно кирет.

Токтогул шаардык
Кенешинин торагасы: К.Дербишев