Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясынын
Т О К Т О М У № 123
6-июнь 2013- жыл Токтогул шаары

Токтогул шаарынын аймагындагы бош, пайдаланылбай жаткан жер аянттарын инвентаризациялоо, муниципалдык менчикте турган жер участокторун (аукционго коюу, конкурс, түз сатуу аркылуу) ижарага, жеке менчикке берүү тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү 2011-жылдын 11-июлундагы №101 мыйзамынын 31-беренесинин 5 пунктуна, “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү жобого ылайык, Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикке тиешелүү болгон бош, пайдаланылбай жаткан жер аянттарын инвентаризациялоо үчүн, жер маселеси боюнча компетенттүү адистерди курамына кошуу менен комиссия түзүп, тиешелүү денгээлде иш алып баруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

2. Токтогул шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторун (аукционго коюу, конкурс, түз сатуу аркылуу) ижарага, жеке менчикке берүүдө, сатууда жогоруда аталган жобо жетекчиликке алынып, ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган комиссиянын курамы (Тиркеме 1) бекитилсин.

3. Муниципалдык менчикте турган жер участокторун убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн тарифтик стафкасы ушул сессиянын токтому менен бекитилсин. Жер участокторун ижарага берүүдө бул тарифтик ставканын (Тиркеме 2) негизинде иш алып баруу жагы жогоруда аталган комиссияга (Тиркеме 1) тапшырылсын.

4. Бул токтомду толугу менен аткарууну камсыздоо Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев

 

 

Тиркеме 1

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXVII – сессиясы, 06.06.2013-жыл № 123 токтому менен бекитилди

Муниципалдык менчикте турган жер участокторун (аукционго коюу, конкурс, түз сатуу аркылуу) ижарага, жеке менчикке берүү, сатуу маселелери боюнча түзүлгөн комиссия курамы:

Комиссиянын төрагасы:
М.Калмурзаев -Токтогул шаарынын мэри

Мүчөлөрү:

К.Дербишев – Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы
К.Жумалиев -Токтогул шаардык мэриясынын жетектөөчү адиси
М.Доолотбеков -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
Б.Азимов -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
К.Текебаев -Токтогул райондук аксакалдар кеңешинен
Б.Чакиев -Жаштар кеңешинин төрагасы

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев