• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясынын

Т О К Т О М У № 122
6-июнь 2013- жыл Токтогул шаары

Токтогул шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорго өзгөртөө, толуктоолорду киргизүү, күчүн жоготту деп табуу боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү 2011-жылдын 11-июлундагы №101 мыйзамынын 36 беренесине жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17 беренесине ылайык, Токтогул шаардык Кеңешинин депутаттары айрым мурдагы кабыл алынган токтомдорго өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш-пикирлерди угуп, талкуулап, Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамда белгиленген ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн, аны күчүн жоготту деп табуунун тартибине ылайык төмөндөгү аталган токтомдор күчүн жоготту деп табылсын.
– Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз V-сессиясында 11.01.2011-жылы кабыл алынган № 25 токтому “2010 жылдын 30-сентябрындагы Токтогул райондук Кеңешининм 5 чакырылышынын кезектеги 13-сессиясынын № 5 токтомуна макулдук берүү жөнүндө”
– Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясында 18.02.2011-жылы кабыл алынган № 30 токтому “Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын V-сессиясынын № 25 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча”
– Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясында 04.08.2011-жылы кабыл алынган № 47 токтому “Поселоктогу балдар-бакчаларга балдарды кабыл алуу боюнча тиешелүү адистер менен Токтогул поселкалык Кеңешинин депутаттары менен биргеликте комиссия курамын түзүү жөнүндө”;
– Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясында 23.01.2012-жылы кабыл алынган № 67 токтому “ Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн айылдык аймак категориясына өткөрүү боюнча”
2. Төмөндөгу аталган токтомдорго өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, ченемдик укуктук актылар жөнүнө мыйзамга ылайык кайрадан кабыл алынсын.
– Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги III-сессиясында 16.09.2010-жылы кабыл алынган № 12 токтому “Токтогул поселкалык Кеңешинин депутаттарынын кароосу менен муниципалдык менчиктеги жерлерди аукционго коюу жолу менен ижарага берүү же сатуу жөнүндө”
– Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясында 18.02.2011-жылы кабыл алынган № 29 токтому “Поселоктун аймагында бош пайдаланылбай жаткан жер аянттарын инвентаризациялоо максатында Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз V-сессиясында тузулгон комиссия курамы жокко чыгып, комиссиянын жаны курамын түзүү боюнча”

3. Бул токтомдун 2 пунктунда аталган токтомдорду ушул сессиянын протоколуна ылайык өзгөртүү, толуктоолору менен кайрадан жол-жоболоштуруу жагы Токтогул шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы С.Наралиевага милдеттендирилсин.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев