• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVI- сессиясынын

ТОКТОМУ № 120

Токтогул шаары 5-апрель 2013-жыл

“Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясында 15.02.2013 жылы кабыл алынган № 1 Токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын жана Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин сунуштарын угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын жана Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясында 15.02.2013 жылы кабыл алынган № 01 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунуштары толугу менен канааттандырылсын.

2. Жогоруда айтылгандардын негизинде, Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясында 15.02.2013 жылы кабыл алынган № 01 Токтомдун 7 пункту жокко чыгарылсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Исраиловго милдеттендирилсин.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев