• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясынын

Т О К Т О М У № 117
Токтогул шаары 5-апрель 2013- жыл

“Токтогул шаарынын Акжон участогунан бир көчөгө 7-апрель 2010 жылдагы элдик революциянын баатыры, маркум Апсамат Жанышбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө”

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин Токтогул шаарынын Кенжетаев №25 көчөсүнүн тургуну Б.Жанышбаевдин кайрылуу каты боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул шаарынын Таласбай кичи районундагы Акжон участогунан бир көчөгө 7 апрель 2010 жылдагы элдик революциянын баатыры, маркум Апсамат Жанышбаевдин ысымы ыйгарылып, ал көчө Апсамат Жанышбаев атындагы көчө деп аталсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев