• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясынын

Т О К Т О М У № 116
Токтогул шаары 5-апрель 2013- жыл

“Токтогул шаарынын калкын медициналык жактан тейлоо боюнча иштер жөнүндө”

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул шаарынын калкын медициналык жактан тейлоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерде жетишкендиктер менен бирге кемчиликтердин дагы бар экендиги белгиленсин.

2. Шаарыбыздын калкын медициналык жактан тейлөө иштерин (тез жардам көрсөтүүнү, дарыгерлердин элге жасаган мамилесин, жарандарды оруканага жайгаштырууну ж.б.) жалпы жакшыртуу боюнча өз милдеттерине жараша иш алып баруу жагы Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору К.Б.Кубибаевага жана Токтогул аймактык орукананын директору К.Көлбаевге сунушталсын.

3. Орукананын кире беришиндеги автоунаалардын ирээтсиз токтогондугу өзгөчө учурларда ынгайсыз абалды жаратып жаткандыгы эске алынып, бул боюнча тиешелуу чара коруу жагы Уй булолук дарыгерлер борборунун директору К.Б.Кубибаевага жана Токтогул аймактык орукананын директору К.Колбаевге сунушталсын.

4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы Токтогул шаардык Кеңешинин “Билим берүү, медицина, маданият, спорт, жаштар саясаты, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт” боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ш.Шабдановага жана башка мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев