• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги
XXV – сессиясынын

Т О К Т О М У № 114

Токтогул шаары 15-март 2013-жыл

“Токтогул шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги мурдагы “Байчечекей” балдар бакчасын кайрадан калыбына келтирүү жана Бөкөнбаев атындагы орто мектебине караган эски Гагарин атындагы орто мектебине караштуу болгон үч корпустун ортосундагы окууга жараксыз бир имаратты бузуп, анын ордуна Т.Ормонбеков атындагы №28 мектеп-лицейи үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаны имарат куруу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” 2002-жылы 15-марттагы № 37 мыйзамынын 19 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылы 15-июлдагы №101 мыйзамынын 20, 31 беренелерине ылайык, ошондой эле элдик жыйында кызуу талкууга ээ болгон Токтогул шаарынын жашоочуларынын балдар бакчасына болгон муктаждыгы жергиликтүү маанидеги эн көйгөйлүү маселе экендиги эске алынып, муниципалдык менчикте турган мурдагы “Байчечекей” балдар бакчасын максаттуу пайдалануу үчүн аны кайрадан калыбына келтирүү маселеси талкууланды. Ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук бөлүмүнүн 2013 жыл 13-марттагы №1 корутундусунун негизинде муниципалдык менчиктеги Бөкөнбаев атындагы орто мектебине караган эски Гагарин атындагы орто мектебине караштуу болгон үч корпустун ортосундагы бир имаратынын техникалык абалы колдонууга жараксыз деп табылгандыктан, аны бузуп ордуна Т.Ормонбеков атындагы №28 мектеп-лицейи үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаны имарат куруу зарылчылыгы келип чыкты. Жогорудагы аталган маселелер боюнча Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин жана башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXV – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” 2002- жылы 15-марттагы № 37 мыйзамынын 19 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылы 15-июлдагы №101 мыйзамынын 18, 31 беренелерине жана азыркы саясатка ылайык муниципалдык менчиктеги мурдагы “Байчечекей” балдар бакчасы шаарыбыздын тургундарынын талабына ылайык кайрадан балдар бакчасы имараты болуп калыбына келтирилсин.

2. Муниципалдык менчиктеги мурдагы “Байчечекей” балдар бакчасынын имараты азыркы күндө Т.Ормонбеков атындагы №28 мектеп-лицейинин колдонуусунда болгондуктан, депутаттардын сунушу менен, Бөкөнбаев атындагы орто мектебине караган эски Гагарин атындагы орто мектебине караштуу болгон үч корпустун ортосундагы окууга жараксыз бир имараты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук бөлүмүнүн 13.03.2013жылдагы №1 корутундусунун негизинде бузулуп, анын ордуна жогоруда аталган мектеп-лицейи үчүн жаны имаратты куруу иштерин баштоо тиешелүү денгээлде колго алынсын.

3. Жогорудагы “Байчечекей” балдар бакчасын кайрадан калыбына келтирүү иштери жана Т.Ормонбеков атындагы № 28 мектеп-лицейи үчүн жаны имарат куруу иштери бардык талаптарга ылыйык бүткөрүлүп, 01.09.2013 жылы окуу жылынын башталышына ишке киргизүү керек экендиги эске алынып, бул багытта уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.

4. Т.Ормонбеков атындагы № 28 мектеп-лицейи үчүн жаны имарат куруу иштерин баштоо тендер жарыялоо аркылуу ишке ашырылсын жана бул багытта иш алып баруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн тендердик комиссияга жүктөлсүн.

5. Т.Ормонбеков атындагы №28 мектеп-лицейи үчүн курулуучу имараттын жана ага тиешелүү жер аянтын Бөкөнбаев атындагы мектептин директору З.Бекматова менен биргеликте тактап ажыратуу, архитектуралык, Мамлекеттик каттоодон алынуучу документтерин даярдоо жагы Токтогул шаардык мэриясынын жер жана турак жай маселелери боюнча адис, сектор башчысы К.Жумалиевге тапшырылсын.

6. Муниципалдык менчиктеги Бөкөнбаев атындагы орто мектебине караган эски Гагарин атындагы орто мектебине караштуу болгон үч корпустун ортосундагы окууга жараксыз бир имаратын жогоруда аталган негизде бузуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, курамына депутаттардан кошулсун.

7. Бул токтомду аткаруу, көзөмөлдөө Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге, ал эми жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевге жана бузуу иштери боюнча комисиянын курамына кирген депутаттарга милдеттендирилсин.

8. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев