• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги
XXV – сессиясынын

Т О К Т О М У № 112

Токтогул шаары 15-март 2013-жыл

Токтогул шаардык мэриясынын
2013-2015-жылдарга социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн план программасы

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011 жылы 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык мэриясынын 2013-2015-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн план программасын карап жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешенин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXV -сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул шаардык мэриясынын 2013-2015-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн план программасы жалпысынан жактырылып, кабыл алынсын жана бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча жылдын жыйынтыгы менен жалпы элдик жыйындарда билдирип туруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев