Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги
XXIV – сессиясынын
Т О К Т О М У № 110
Токтогул шаары 15.02.2013-жыл

“01.01.2013 жылга карата Токтогул шаардык мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011 жылы 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын билдирүү, маалыматтарын угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул шаардык мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын 01.01.2013 жылга карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө маалымат билдирүүлөр эске алынып, жыл башында калган сумма жалпы 836 620,04т, анын ичинен негизги счеттон калдык 805 658,64т жана атайын счеттон калдык 30961,40т калгандыгы белгиленсин жана алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын.
• Негизги счеттон калдык: 805 658,64 т
Шаардык Кеңештин аппаратына :
Статья 22155300 -30,0 мин сом жабдууларды алууга
Мэриянын аппаратына:
Статья 31121110 -300,0 мин сом автоунаа сатып алууга
Статья 22156900 -106,0 мин сом ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө
Мунун ичинен: 46,0 мин сом салык инспекциясына 3% планды ашык аткаргандыгы үчүн
60,0 мин сом тех.көзөмөлдөөчүгө долбоор чийдирүү үчүн
Таза суу мекемесине:
Статья 22156900 -313 358,64 т- суу түтүктөрүн ондоого
Балдар бакчасына:
Статья 22156900 -56,3 мин сом “Кун Нуру” бала бакчасына кароолчунун айлык акысы үчүн келишимдин негизинде
• Атайын счеттон калдык: 30 961,40 т.
Статья 22156900 -15, 216 мин сом шаардык мэриянын аппаратына ар кандай чыгымдар үчүн
Статья 22156900 -15 745,40 т “Ынгайлуу шарт түзүү” комбинатынын ар кандай чыгымдары үчүн

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевге, ал эми аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев