• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясынын

ТОКТОМУ № 109

Токтогул шаары 15-февраль 2013-жыл

Токтогул шаардык Кеңешинин аппаратынын кошумча штаттык түзүмү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 жылдын 5 августундагы № 452 токтомунун негизинде Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин Кеңештин аппаратынын кошумча штаттык түзүмү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 жылдагы 5 августундагы № 452 токтомунун негизинде Токтогул шаардык Кеңешинин кызматтык автоунаасы үчүн 1 айдоочу жана 1 катчы иш-кагаздарын жүргүзүүчү штаттык бирдиктери алынсын.

2. Айлык маяналарын штаттык бирдиктин жана тарификациянын негизинде эсептеп, төлөө жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н. Кулузаковага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев