• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясынын
ТОКТОМУ № 107

Токтогул шаары 15-февраль 2013-жыл

2012 жыл ичинде шаардын жашоочуларынын электроэнергия менен камсыздандырылышы

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011 жылы 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын 20 беренесине ылайык, Токтогул РЭТ башчысынын милдетин аткаруучу У.Райымбековдун маалыматын жана Токтогул шаардык Кеңешинин ”Жер, жер реформасы, жол байланышы, суу чарбасы, муниципалдык менчик, өнөр жай, жарыктандыруу, жылуулук ресурстары” боюнча түрүктүү комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын кортундусун эске алып, Токтогул шаарынын тургундарын электроэнергия менен камсыздоодо пайда болгон кемчиликтер жана башка көйгөйлүү маселелерди жоюу боюнча иш аракеттердин үзгүлтүксүз жүргүзүлүп туруусу Токтогул РЭТ башчысынын милдетин аткаруучу У.Райымбековго сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ”Жер, жер реформасы, жол байланышы, суу чарбасы, муниципалдык менчик, өнөр жай, жарыктандыруу, жылуулук ресурстары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев