• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясынын

ТОКТОМУ № 106

Токтогул шаары 15-февраль 2013-жыл

 

Токтогул шаардык мэриясынын салык кызматкерлерин убактылуу Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгына которуу жөнүндө

 

Жергиликтүү салыктардын, жыйымдардын жыйналышынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011 жылы 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын 19 беренесине ылайык, мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын башчысы Р.Карачаловдун маалыматын, сунушун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жергиликтүү салыктардын, жыйымдардын жыйналышынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011 жылы 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын 19 беренесине ылайык Токтогул шаардык мэриясынын салык инспекторлорун мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгына убактылуу которуу жөнүндө башкармалыктын башчысы Р. Карачаловдун маалыматы эске алынсын.

 

2. Токтогул шаардык мэриясынын 2 салык инспектору 10 айлык (01.03.2013 ж -31.12.2013 ж) мөөнөткө Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгына которулсун жана алардын айлык маяналарына кошумча төлөмдөрдү төлөө жагы кийинки сессияда 2013 жылдын бюджетин бекитүүдө каралып, белгиленсин.

– кошумча 1 сектор башчысынын штаттык бирдиги каралып, айлык маянасын чечүү жагы 2013 жылдын бюджетин бекитүүдө талкууланып, белгиленсин.

 

3. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүчү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардын жыйналышын, план тапшырмаларды аткаруусун толук камсыздоо жоопкерчилиги мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын башчысы Р. Карачаловго сунушталсын.

 

4. Ай сайын Токтогул шаардык мэриясына, Токтогул шаардык Кеңешине салыктык жана салыктык эмес жыйымдардын жыйналышы боюнча отчет берип туруу жагы салык инспекторлору Ж.Картаевага, М.Токтоназаровага милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Токтогул шаардык

Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев