• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II –  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 07

Токтогул шаары                                                         04.06.2014-жыл

Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жылга иш планын бекитүү  боюнча

Токтогул шаардык кеңешинин сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жыл үчүн иш планы жактырылып, бекитилсин (тиркелет).
  2. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарына жана аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
  4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылсын.

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                              К.Дербишев

 

 

                                                                           Токтогул шаардык кеңешинин

XXVII-чакырылышынын

кезексиз II-сессиясынын

№ 07  токтому менен бекитилди

                                                                        “04” июнь 2014-жыл

Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жыл үчүн

ИШ ПЛАНЫ

 

Аткаруучу иштердин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Кимдер аткарат

1

Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жогорку органдардын  указ, токтом, буйруктарын жана башка укуктук ченемдик актыларын ишке ашыруу жана регламент боюнча иш жүргүзүү

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

 

СЕССИЯДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕР

 

I – квартал

1

Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинин 2013-жыл ичинде киреше,  чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын кароо жана 2014-жылга карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүн бекитүү. Токтогул шаардык мэриясынын, Токтогул шаардык кеңешинин аппараттарынын жана мэриянын алдындагы ишканалардын (“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты, “Суу Канал” ишканасы, Эс алуу паркы) штат бирдиктерин кароо жана бекитүү.

I-квартал

Токтогул шаардык кеңеши

2

Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жылга карата иш планын бекитүү

I-квартал

Токтогул шаардык кеңеши, аппараты

3

Токтогул шаардык мэриясынын 2014-2015-жылдарга жаныланган стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү.

I-квартал

Токтогул шаардык кеңеши

4

Токтогул шаарында санитардык абал, экологияны коргоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү, арыктарды ирээтке келтирүү, мал жандыктарды ветеринардык кароодон өткөрүү боюнча шаардык мэрия тарабынан аткарылып жаткан иштер

I-квартал

Токтогул шаардык мэриясы (тийиштүү бөлүмдөр), Туруктуу комиссия-М.Ондошова

5

Токтогул шаарында өспүрүмдөр, мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, жол эрежелеринин коопсуздугун сактоого байланыштуу Токтогул шаардык мэриясынын ички иштер бөлүмү (ИДН, аймактык инспекторлор, ЖККБ инспекторлору) менен жүргүзүп жаткан иштери   жөнүндө

I-квартал

Туруктуу комиссиялар, шаардык мэрия (соц.адис),

Шаардык кеңештин аппараты

II-квартал

6

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын иштөө регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү

II-квартал

Токтогул шаардык кеңеши

       

7

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо

II-квартал

Токтогул шаардык кеңеши

8

Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын аныктоо жана бекитүү

II-квартал

Токтогул шаардык кеңеши

9

Токтогул шаарынын орто мектептериндеги билим берүүнүн сапатын, окуу тарбия иштеринин абалын жакшыртууда жана жалпы мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо мектеп директорлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

II-квартал

Токтогул шаардык мэриясы, мектеп директорлору, Туруктуу комиссия-М.Ондошова

10

Токтогул шаарындагы  жолдордун абалы, жашоочулардын электроэнергия, суу менен камсыздандырылышы, көчөлөрдүн жарыктандырылышы боюнча иштер

II-квартал

Токтогул шаардык мэриясы, “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты, Туруктуу комиссия-А.Сыдыков

11

Токтогул шаарынын тургундарын азык түлүк менен камсыз кылууда жеке менчик соода түйүндөрүнүн, кафе-ресторандарынын санитардык абалы, сатылып жаткан азык түлүктөрдү сактоочу жайлардын абалы жөнүндө, базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча

II-квартал

Токтогул шаардык мэриясы, Туруктуу комиссиялар –М.Ондошова, К.Мыктаров

III- квартал

12

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин жарым жылдык планынын аткарылышы боюнча жана башка аткарылган иштер боюнча мэрдин отчету

III- квартал

Токтогул шаардык кенеши, туруктуу комиссия-М.Солтоева,

ТШМ ФЭБ башчысы Н.Кулузакова

13

Токтогул шаарында  социалдык- экономикалык кырдаалды иликтөөнүн негизинде бюджеттин каражаттарын кайра бөлүштүрүп, түзөтүү,  чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуунун жүрүшү боюнча.

III- квартал

ТШМ ФЭБ башчысы Н.Кулузакова, Токтогул шаардык кенеши, туруктуу комиссия-М.Солтоева

14

ТШМ карамагындагы соц обьектилер: мектептердин, бала-бакчалардын, балдар чыгармачылык үйүнүн, спорт мектебинин жаны окуу жылына карата даярдыктары, ремонттоонун абалы, материалдык мүлктөрүнүн сакталышы, кышка даярдыгы боюнча

III-квартал

ТШК, туруктуу комиссиясы –М.Ондошова, мектеп директорлору, балдар бакчалардын башчылары.

15

Токтогул шаарында жумушсуз статусун алган жарандарды иш менен камсыз кылууда Токтогул райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө

III- квартал

Туруктуу комиссия- К.Мыктаров, мекеме жетекчиси

IV- квартал

16

Шаардагы коомдук уюмдардын, дин уюмдарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

IV -квартал

Коомдук уюмдардын башчылары

17

Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө камкордук,  соцфонд, соц. өнүгүү башкармалыгы  тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш чаралар

IV- квартал

Соц. өнүгүү, фонд башкармалыгынын башчылары

18

Токтогул шаарында  жерлерди, муниципалдык менчик обьектилерин сарамжалдуу пайдалануу, ижарага берилген жерлерден, сатуудан түшкөн акча каражаттарынын пайдалануусу, берилген пландын аткарылышы жана элге кызмат көрсөтүүдөгү жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө

IV- квартал

ТШК туруктуу комиссия А.Сыдыков ,“Ынгайлуу шарт түзүү” комбинаты А. Маранбаев

ТШМ жер боюнча башкы адис К.Жумалиев

19

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин жылдык планынын аткарылышы боюнча жана башка аткарылган иштер боюнча мэрдин бир жылдык отчету

IV- квартал

Токтогул шаардык мэриясы,

ТШМ ФЭБ башчысы Н.Кулузакова жана башка бөлүмдөрү

 

УЧУРДАГЫ АТКАРЫЛУУЧУ ИШТЕР:

 

1

Шаарды  социалдык-экономикалык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын көзөмөлгө алуу

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

2

Жергиликтуу салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү тартибин кабыл алуу

I-IV кварталдарда

Токтогул шаардык кенеши

3

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусун уюштуруу жана алардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлгө алуу

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

4

Арыз, даттанууларды кароо

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

5

Жергиликтуу  бюджеттин аткарылышына көзөмөл кылуу.

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

6

Жарандардын жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укугун коргоо боюнча иш алып баруу

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

7

Токтогул шаарынын калкын  жумуш менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

8

Шаардын  калкын инвестициялар менен иштөөсү боюнча анализ жүргүзүү

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

9

Токтогул шаарындагы  тазалыктын жана санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу.

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

10

Шаардын  калкын медициналык жактан тейлөө боюнча иш алып баруу

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

11

Билим берүү тармагында, мектептерде  жана мектепке чейинки тарбиялоочу бала-   бакчалардын материалдык-техникалык базасынын жакшыртылышы боюнча иш алып баруу жана иштин уюштурулушуна көзөмөл кылуу

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

12

Спорт жана маданий тармагында мелдештердин, турнирлердин уюштурулушуна көзөмөл кылуу

Дайыма

Токтогул шаардык кенеши

13

Токтогул шаарында  жайгашкан мекеме уюмдардын, соода ишкана түйүндөрүнүн менчигинин түрүнө карабастан шаардын социалдык инфраструктуралык өнүгүүсүнө кошкон салымдары боюнча иш чаралардын абалын кароо

Дайыма,

квартал сайын

Токтогул шаардык кенеши,  туруктуу комиссия, мектеп, уюмдардын жетекчилери

14

Калктын жашоо деңгээлин жана маданиятын көтөрүү максатында кароо сынактарды уюштуруу: “Үлгүлүү үй”, “Алдынкы көчө”, “Шаардын кадырлуу карыясы”, “Шаардын ардактуу адамы”.

Дайыма

Токтогул шаардык Кенеши, туруктуу комиссиялар.

 

Токтогул шаардык

кенешинин төрагасы:                                              К.Дербишев