Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  I – уюштуруу сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 02

Токтогул шаары                                                         02.05.2014-жыл

 

Токтогул шаардык кеңешинин

төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жана төраганын орун басарларын шайлоо жөнүндө

 

Токтогул шаардык кеңешинин I – уюштуруу сессиясында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын төрагасы Б.Болгонбековдун Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматын жана башка депутаттардын сунуштарын  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  I – уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2014-жыл 02-майдагы № 1 протоколу бекитилсин.
  2. Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы болуп Дербишев Кубанычбек шайлансын.
  3. Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына:

 

–          “Бирге” фракциясынын лидери, депутат Давлеталиев Ибраимдин сунушу менен  Абышов Сулайманкул шайлансын;

–          Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин сунушу менен Өзүбеков Аманбек Бүркүталиевич шайлансын.

4. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине)  жайгаштырылсын.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                              К.Дербишев