• Печать

>Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  I – уюштуруу сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 01

Токтогул шаары                                                         02.05.2014-жыл

 

Токтогул шаардык Кеңешинин

иштөө регламентин бекитүү

боюнча

 

Токтогул шаардык Кеңешинин депутаттарынын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  I – уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык Кеңешинин иштөө регламенти жактырылып, бекитилсин.
  2. Иштөө регламентинин негизинде Токтогул шаардык Кеңешинин ишин жүргүзүү жагы  Токтогул шаардык Кеңешинин депутаттарына, туруктуу комиссияларына жана  аппарат кызматкерлерине  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
  4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине)  жайгаштырылсын.

 

Токтогул шаардык

Кеңешинин төрагасы:                              К.Дербишев

 

 

 

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин

I-уюштуруу сессиясынын

№  01 токтому менен бекитилди

                                                                                  02 – май    2014-жыл

 

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

РЕГЛАМЕНТИ

 

I-БӨЛҮМ    ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-берене. Шаардык кеңеш жана анын иш аракеттеринин негиздери.

2-берене. Шаардык кеңештин компетенциясы.

 

II-БӨЛҮМ 

 ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАЛАРЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

3-берене.   Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

4-берене. Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери.

5-берене. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.

6-берене. Депутаттык фракция.

 

III- БӨЛҮМ

  ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ

7-берене. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы.

8-берене. Шаардык кеңештин ишин пландоо.

9-берене. Сессиядагы маселелерди даярдоонун жана кароонун тартиби.

10-берене.Шаардык кеңештин сессиясын өткөрүүнүн тартиби.

11-берене.Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуунун тартиби.

12-берене.Шаардык кеңештин отурумдарынын токтомдору жана стенограммасы.

13-берене.Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары.

 

IV-БӨЛҮМ

  ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА

14-берене.Депутаттык этика.

15-берене.Шаардык кеңештин имаратында тартипти жана депутаттык этиканы сактоо.

16-берене.Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар.

 

V-БӨЛҮМ

 ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖАНА ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕ

17-берене.Эл аралык кызматташтык, жергиликтүү кеңештер аралык кызматташтык.

18-берене.Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиптери жана ыкмалары.

19-берене.Шаардык кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдук  уюмдары   менен өз ара аракети жана кызматташтыгы.

 

VI-БӨЛҮМ

 ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ.

20-берене.Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби.

 

 

 

  1. I.                   ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

Шаардык кеңеш

1-берене.

1.1.            Токтогул шаардык кеңешинин Регламенти (мындан ары – Регламент)  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдарынын жана башка  мыйзамдардын негизинде Токтогул шаардык кеңешинин иш аракетин, иш кагаздарын жүргүзүүнү мыйзам чегинде уюштуруу максатында иштелип чыкты жана мындан ары шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишмердүүлүк тартиби ушул Регламент менен аныкталат.

1.2.            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык шаардык Кеңеш  жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет. Шаардык Кеңеш шаардын аймагында жашаган жашоочуларынын тике катышуусу жана тең  укуктуу, жашыруун добуш берүүсүнүн негизинде 4 жылга шайланган 21 депутаттан турат.

1.3.            Шаардык кеңеш юридикалык тарап катары статуска ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өз компетенциясына  тиешелүү  маселелерди өз алдынча чечет, кабыл алган чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, ошол чечимдердин иш жүзүнө ашырылышын көзөмөлдөйт.

1.4.            Шаардык кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегиндеги чечимдери шаардын аймагындагы бардык ишканалар, мекемелер, уюмдарга жана алардын бирикмелери, менчигинин формасына карабастан   жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери,   шаарда жашаган атуулдар, атуулдугу жок адамдар тарабынан аткарууга  бирдей милдетүү.

1.5.            Шаардык кеңештин негизги уюштуруучулук-укуктук формадагы иши сессия болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

1.6.            Шаардык кеңештин ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, ачык айкындык, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында аткаруу, шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүүлүк, коллегиалдуулук, саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук, объективдүүлүк, депутаттардын өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечимдерди эркин кабыл алуу жана талкуулоо принциптерине  негизделет. Маселелерди талкуулоодо чакырылган тараптар катыша алат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт.

1.7.            Шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамында жана кыргыз Республикасынын  башка нормативдик укуктук актыларында жана ушул Регламентте бекитилген гарантиялардын негизинде  өзүлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолдуксуз ишке ашырууга укуктуу.

 

Шаардык кеңештин компетенциясы

2-берене

2.1.  Шаардык кеңештин компетенциясы  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101  2011-жылдын 15-июлунда кабыл алынган  мыйзамынын 31- беренесинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде аныкталат.

II. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТҮЗҮМДӨРҮ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

 

Шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, аларды шайлоо тартиби

жана иш милдеттери

3-берене

 

3.1         Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүн, добуш берүүнүн тартиби жана шайлоонун дагы башка жол-жоболук маселелери кеңештин ушул регламенти менен  аныкталат.

3.2            Шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында көпчүлүк  фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

3.3      Шаардык кеңештин төрагасынын иш милдеттери:

– шаардык кеңештин төрагасынын иш милдеттери  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101  2011-жылдын 15-июлунда кабыл алынган  мыйзамынын 37- беренесинде көрсөтүлгөн тартип менен  аныкталат.

–   шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясынын алдында отчеттуу.  Жыл сайын ал шаардык кеңештин сессиясында өзүнүн ишмердүүлүгү, шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишин уюштуруусу тууралуу отчет берет.

3.4            Шаардык кеңештин төрагасы ыйгарым укуктарын төмөнкү учурларда токтотот:

-депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырган учурда;

-өз арызынын негизинде кенештин төрагалык кызматын аткаруудан баш тартканда;

-кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же жергиликтүү кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен;

-депутаттык мандатынан ажыратылган учурда (“Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101  2011-жылдын 15-июлунда кабыл алынган  мыйзамынын 24- беренеси);

 

3.5.  Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шаардык кеңештин төрагасынын сунушу же болбосо оппозициялык фракциянын сунушу менен  ачык добуш берүү аркылуу депутаттардын көпчүлүк добушу менен шайланат. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын шайланышы жөнүндө кеңештин токтому кабыл алынат.

3.6.  Шаардык кенештин төрагасынын орун басарынын милдеттери:

– шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, анын кызматта жок убагында же өз милдеттерин аткара албай турганда орун басарлык кылат;

– депутаттык топтор менен кызматташууну ишке ашырат.

3.7. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары  депутаттардын үчтөн биринин демилгеси жана көпчүлүгүнүн добушу менен ээлеген кызматынан бошотулуш мүмкүн.

Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери

4-берене.

Жооптуу катчы:

4.1.            Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  шаардык кеңештин төрагасынын буйругу менен дайындалат.

4.2.            Жооптуу катчы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

¾    депутаттарды өз ыйгарым укуктарын аткарууда керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.

–  шаардык кеңештин ишинин перспективдүү планынын аткарылышын камсыз кылат.

–    шаардын туруктуу жана убактылуу комиссиясынын ишинде өз ара кызматташат.

–   шаардык кеңешке келип түшкөн документтерди каттайт жана аткарылышын көзөмөлдөйт.

–   шаардык кеңештин сессияларынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына жеткизүүнү көзөмөлдөйт.

–   сессиянын ишине депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын, өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерин жана башка тараптарды чакырууну уюштурат.

–    шаардык кеңештин сессиясына материалдарды даярдоону жана документтердин аткарылышын текшерүүнү уюштурат.

–   шаардык кеңештин аппаратынын ишин уюштурат.

Башкы адис жана жетектөөчү адис:

4.3.            Шаардык кенештин төрагасы тарабынан бекитилген функционалдык милдеттерине ылайык иш алып барышат жана жумуштун зарылчылыгына байланыштуу башка кошумча милдеттерди аткарышат.

 

Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

5-берене.

5.1. Шаардык кеңештин  туруктуу  комиссияларынын түзулүшү, ыйгарым укуктары жана жыйналыштарын өткөрүү тартиби  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32,33,34-беренелери менен аныкталат.

5.2. Комиссиялардын тизмеси, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин жергиликтүү кеңеш аныктайт. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде Кеңеш, зарылчылык учурда, жаңы туруктуу комиссияларды түзүүгө, мурда түзүлгөндөрүн жоюуга же өзгөртүп түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акылуу.

5.3. Иштин жагдайына, зарылчылыгына жараша шаардык кенеш убактылуу комиссияларды түзө алат.

Убактылуу комиссия   түзүү  жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү     камтыйт:

–  комиссиянын аталышын;

–  комиссияны түзүүнүн  максатын;

– жеке       курамын;

–  анын   иштөө   мөөнөтүн;

–  тапшырылган маселелерди кароонун  натыйжалары жөнүндө   баяндама  берүүнүн  мөөнөтүн;

– комиссиянын иштөө мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып 10 күндөн  ашышы мүмкүн эмес.

– комиссиянын  иштөө  мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

Депутаттык фракциялар жана коалициялар

6-берене.

6.1.            Депутаттык фракция – бир партиядан шайланган депутаттардын бирикмеси. Фракция өзүнүн курамына башка партиялардан өткөн депутаттарды кошууга укуксуз. Бир саясий партиядан шайланган депутаттын ошол эле партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.

6.2.            Фракция шаардык кеңештин төрагасына депутаттык фракциянын атын, курамын, жетекчинин аты-жөнүн көрсөтүү менен фракция түзулгөндүгү тууралуу чечимин берет.

6.3.            Фракциянын иш тартибин жана фракциядан депутаттын чыгып кетүү шарттарын фракция өзү аныктайт.

6.4.            Депутаттык фракциялар тең укуктарга ээ.

6.5.            Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт жана анын ыйгарым укуктары:

1)      шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан  чыгат;

2)      фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;

3)      фракциянын чечимдерине кол коёт;

4)      ички фракциялык тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;

5)      фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин түзүмдөрүнө                        (коммиссияга) талапкерлерди сунуш кылат;

6)      фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;

7)      фракциянын чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча анын саясий көз карашын жарыялайт;

8)      фракциянын чечими боюнча жыйналышта фракциянын коалицияга киргени жөнүндө жарыялайт;

9)      шаардык кеңештин жетекчилиги жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, жергиликтүү администрациялар менен фракциянын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

10)      эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;

11)      шаардык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына фракциянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;

12)      фракция өзүнүн ишмердүүлүгүн негиздеген жобо кабыл алат. Жобонун мазмуну ушул Регламентке карама-каршы келбөөгө тийиш.

6.6.            Фракциялардын коалициясы – депутаттардын фракцияларынын ыктыярдуу биригүүсүн билдирген макулдашуунун же болбосо жобонун негизинде түзүлгөн депутаттардын көпчүлүгү.

6.7.            Коалицияны фракциялардын лидерлери тарабынан биргелешип шайлаган төрагасы жетектейт.

6.8.            Коалицияга кирген фракциялардын ортосунда макулдашуу түзүлөт, макулдашуу түзүлгөн жери, күнү, айы, жазылат жана макулдашууга коалицияга кирүүгө макул болгон фракциялардын лидерлери кол койушат, мөөр менен күбөлөндүрүшөт.

Коалициянын макулдашуусу төмөндөгүлөрдү камтыйт:

-фракциялардын позицияларынын макулдашылгандыгын;

-коалициянын ишмердүүлүгүнүн принциптерин;

-коалициянын чечимдерин кабыл алуунун тартибин;

-коалициянын ишин токтотуу шарттары;

Коалиция төмөндөгү учурларда ишин токтотот:

-фракция же болбосо фракциялар коалициядан чыгуусун жарыялаганынын  негизинде;

-эгерде коалициянын жетекчилиги коалицияны таратуу жөнүндө чечим кабыл алса;

6.9.            Фракциялардын көпчүлүк коалициялсына кирбеген фракция жана  фракциялар азчылык деп эсептелинет. Азчылыктын фракциясы же фракциялары өздөрүн оппозиция катары  жарыялагандан кийин статуска ээ болот.

6.10.        Оппозицияга кирген фракциялардын кепилдиктери:

1) төраганын орун басарынын кызмат ордуна;

2) шаардык кеңештин бюджет боюнча комитетинин төрагалыгына, ошондой эле башка комитеттердин мүчөсү болуу;

3) мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына тең жеткиликтүүлүккө;

4) эсептөө комиссиясынын курамына талапкерин сунуштоо;

6.11.        Фракция, фракциялар же алардын коалициясы шаардык кеңештин жыйналышында оппозиция статусунан баш тартканы тууралуу же көпчүлүктүн коалициясынын курамына киргени жөнүндө расмий жарыялаган учурдан тартып, оппозиция статусун жоготот.

 

 

III. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ.

 

Шаардык кеңештин биринчи сессиясы

7-берене.

7.1.            Шаардык кеңештин уюштуруучулук-укуктук ишмердүүлүгүнүн формасы сессия болуп эсептелет. Шаардык кеңештин сессиясынын тартибин шаардык кеңештин Регламенти аныктайт.

7.2.            Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.

7.3.            Шаардык кеңештин биринчи сессиянын күн тартибине кеңештин Регламентин бекитүү маселеси, кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо, структуранын түзүлүшү жана шаардык кеңештин иштерине байланыштуу башка маанилүү маселелер коюлат.

 

Шаардык кеңештин ишин пландоо

8-берене

8.1.            Шаардык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Иш план кварталдык жана жылдык планга бөлүнөт.  Шаардык кеңештин иш планынын доолбооруна даярдыкты шаардык кеңештин аппараты ишке ашырат.

8.2.            Шаардык кеңештин иш планынына маселелерди киргизүүгө шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар, шаардын мэри укуктуу.

8.3.            Шаардык кеңештин бекитилген иш планына жаңы маселелерди киргизүү же алып салуу, өзгөртүүлөр шаардык кеңештин токтомдору менен жол жоболоштурулат.

 

Сессияда маселелерди кароо, протокол жазуу, токтомдорду кабыл алуу тартиби

9-берене

9.1.            Шаардык кеңештин депутаттары сессиянын кароосуна киргизилген маселелер  боюнча алдын ала кабардар болууга тийиш.

9.2.            Ар бир сессия боюнча өзүнчө протокол жазылат. Сессиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

–          сессияны өткөрүү орду, күнү, шаардык кеңештин чакырылыш жылы, сессиянын катар номери;

–          шаардык кеңеш үчүн аныкталган депутаттардын саны, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;

–          сессиянын күн тартибиндеги маселе жана доклад жасоочулардын (кошумча доклад жасоочулар) аты-жөнү;

–          сессияда чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмеси;

–          добуш берүүнүн жыйынтыгы;

–          сессия жүрүп жатканда сунуш кылынган кошумча материалдар.

9.3.            Сессиянын протоколдору сессиянын иши бүткөндөн кийин үч күндүн ичинде жөнгө салынат жана шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Сессиянын протоколдорунун көчүрмөлөрү шаардык кеңештин токтомдорун акырына чейин иштеп чыгуу үчүн бир жума мөөнөтүндө жөнгө салынат.

9.4.            Протоколдун түп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы  бөлүмүнө сактоого өткөрүлөт. Депутаттын өтүнүчү боюнча аппарат таанышуу үчүн протоколдун көчүрмөсүн сунуш кылат. Долбоорлордун документтери, негиз катары кабыл алынган тексттердин түп нускалары, өзгөртүүлөр шаардык кеңештин аппаратында сакталат.

9.5.            Сессиянын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча чечимдер жалпы депутаттардын санын көпчүлук добушу менен кабыл алынат. Ал чечимдер токтом менен жол-жоболоштурулат.

9.6.            Токтомдо аны ишке ашыруу тартиби бекитилет, алар :

1)      мөөнөтү такталат жана пункттардын аракеттерин же токтомду бүтүндөй киргизүү аныкталат;

2)      органдарга жана тиешелүү кызматтагы адамдарга мыйзамды иштеп чыгуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилет. Ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу үчүн мөөнөттөр кабыл алынган токтомго ылайык аныкталат.

9.7.            Шаардык кеңештин ар бир  токтомунда  жана чечимдеринде аны аткаруучу көзөмөл жүргүзүүчү көрсөтүлөт.

9.8.            Шаардык кеңештин  сессиясында кабыл алынган нормативдик-укуктук актылар үч күндүн ичинде шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө, туруктуу комиссиялардын төрагаларына, шаар башчысына, тизме боюнча кызыкдар  болгон бардык тараптарга, документ даярдоого жооптуу адам тарабынан түзүлүп, таратылат.

 

Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби

10-берене.

 

10.1.        Шаардык кеңештин сессиясы  квартал сайын бир жолудан кем эмес жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.

10.2.        Шаардык кеңештин кезектеги сессиясын чакыруу жөнүндөгү маалымат депутаттарга жана калкка сессия башталарына 4 (төрт) күн калганда ал эми кезексиз сессияга 2 (эки) күн калганда жеткирилет. Чакыруу барагында сессияны өткөрүү мөөнөтү (күнү, жылы, сааты), орду жана күн тартибине киргизилген маселелердин аталыштары көрсөтүлөт.

10.3.        Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын  жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Жергиликтүү кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.

10.4.        Сессияда карала турган маселелерди шаардык кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар, депутаттардын тобу, шаардын мэри киргизе алат.

10.5.        Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери шаардык кеңештин сессиясынын уюштуруу-техникалык камсыздоосун ишке ашырат жана:

–   депутатттарды долбоорлор, кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтер, башка керектүү маалыматтар менен камсыз кылат;

–    шаардык кеңештин депутаттарынын көрсөтмөлөрү менен, сессиянын кароосуна киргизилген маселелерди талкуулоодо катышуусу зарыл тараптарды сессияга чакырат;

–   депутаттарды каттоодон өткөрөт;

–   сессиянын протокол, стенограммаларын даярдашат;

–    шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган документтерди тартипке келтирип, аларды чыгарууну ишке ашырат.

10.6.        Шаардык кеңештин сессиялары айрым бир маселелерди кароодо жабык өткөрүлүшү мүмкүн.

10.7.        Шаардык кеңештин депутаттарынын сессияга катышуучуларынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат. Депутаттарды каттоо ар бир сессиянын алдында башталып, каттоонун башталыш жана аяктоо убактысын көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Каттоо барагы кеңештин аппаратында сакталат.

10.8.        Бир квартал ичинде белгисиз себептер менен сессияга, кеңешмелерге, жыйналыштарга келбеген депутаттар шаардык кеңештин чечими менен фракциялардын лидерлерине билдирилет жана жергиликтүү массалык-маалымат каражаттарына жарыяланат.

10.9.        Системалуу түрдө белгисиз себептер менен шаардык кеңештин сессияларына катышпаган жана шаардык кеңештин тапшырмаларын, чечимдерин аткарбаган депутаттар көпчүлүк добуш менен тиешелүү кеңештин депутатын кайра чакырып алуу маселесин козгоого укугу бар. Шаардык кеңештин сессиясына катышпаган депутаттын белгилүү бир себептери – ооруп калуу, иш сапары  жана уруксат алуу эсептелет.

10.10.    Шаардык кеңештин сессиясын төрага алып барат. Ал жок болгон учурда анын орун басары же шаардык кеңештин протоколдук чечими менен кайсы бир депутат алып барат.

10.11.    Шаардык кеңештин төрагасы, орун басары, шаардын мэри алдын-ала жазылуусуз эле кезексиз сөз алып сүйлөөгө укугу бар.

10.12.    Сессияны алып баруучу төрага күн тартибине ылайык маселелер боюнча чыгып сүйлөгөндөрдүн докладдарынын маанисине, мазмунуна, сүйлөө убактысына жана зарыл болгон учурда булар тууралуу чыгып сүйлөгөндөргө эскертип, көз салып турат.

10.13.    Сессияга төрагалык кылуучу катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен сессиянын күн тартибине киргизилген маселени талкуулоонун, суроолорго жана жоопторго берилген убакыттын жалпы узактыгын белгилешип, чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын узартуусу мүмкүн.

10.14.    Негизинен баяндамалардын, кошумча баяндамалардын, корутунду сөздөрдүн жана башка чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы төмөнкүдөн ашпоосу тийиш:

1)      баяндама үчүн – 15 мүнөткө чейин;

2)      кошум чабаяндама үчүн – 5 мүнөткө чейин;

3)      жарыш сөздө сүйлөө үчүн – 5 мүнөткө чейин;

4)      ар кыл маселелерде чыгып сүйлөөлөр үчүн – 3 мүнөткө чейин;

билдирүүлөр үчүн, суроолор жана аларга жооптор үчүн, сунуштар, кабарлоолор, маалымдамалар үчүн – 2 мүнөткө чейин.

5)      корутунду сөз үчүн – 5 мүнөткө чейин.

6)      шаардык Кеңештин чечими боюнча чыгып сүйлөө үчүн фракцияларга 10 мүнөткө чейин убакыт берилиши мүмкүн.

10.15.    Белгиленген убакыт аяктагандан кийин төрагалык кылуучу бул тууралуу чыгып сүйлөөчүгө  эскертет, андан кийин анын сөзүн токтотууга укуктуу.

10.16.    Шаардык кеңештин сессиясында төраганын укуктары:

–   эгерде чыгып сүйлөгөндөр Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сүйлөсө, жүрүш-туруш этикасынын эрежелерин сактабаса, аларды ошол сессиянын аягына чейин сөз сүйлөө укугунан ажыратат;

–    маалымдамалар боюнча депутаттарга кайрылат;

–   пландалбаган дебаттарды токтотот;

–   учурдагы Регламенттин жобосуна ылайык шаардык кеңешке депутатка эскертүү берүүнү сунуштайт, депутатты тартипке чакырат.

–   сессия өтүп жаткан кеңешме залында чукул жагдайлар болуп кетсе, ошондой эле коомдук тартип кескин бузулуп баратса, сессияны токтотот.

10.17.    Сессия убагында сессиянын катышуучуларынын бири да төраганын макулдугу жок сүйлөбөйт. Төраганын уруксаты жок сүйлөгөндөр протоколго киргизилбейт.

10.18.    Шаардык кеңештин төрагасынын сессия учурундагы милдеттери:

–   Регламентти жана сессиянын күн тартибин сактайт;

–   сессияда депутаттардын укуктарынын сакталышына көз салат;

–   сессиянын кеңешме залындагы тартипти сактайт;

–   чыгып сүйлөгөндөрдүн регламентти сактоолоруна көз салып, өз убагында белгиленген убакыттын бүткөндүгүн эскертип турат;

–    түшкөн сунуштарды белгилеп, аларды добушка коюп, добуш берүүнүн  жыйынтыгын кабарлап турат;

–    сүйлөө кезегин тартипке салат;

–    депутаттар тарабынан кезексиз берилген сунуштарды ирети менен сессиянын ишине, угулушуна кам көрүп, өзүнүн да жеке альтернативдик сунуштарын коет;

–   сессиянын катышуучуларына урмат менен мамиле жасап, чыгып сүйлөгөндөргө сын-пикир, эскертүүлөрдү бергенден оолак болуп, комментарийлер болсо, чыгып сүйлөөлөр бүткөндөн кийин айтат;

–   комиссия өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү жана түшүндүрмөлөрү эреже жана процедура боюнча болушуна көңүл бурат;

–    аттары жазылган бланкалардын толтурулушуна, добуш берүүлөргө көз салып, тартипке келтирет.

 

Добуш берүү тартиби жана чечимдерди кабыл алуу

11-берене.

11.1.        Учурдагы Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо үчүн төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

–   шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны;

–  өтүлүп жаткан сессия учурунда  катталган шаардык Кеңештин депутаттарынын саны.

11.2.        Шаардык кеңеш сессияларда ачык же жабык добуш берүү жолдорун кабыл алгандыгы боюнча чечим кылат.

11.3.        Шаардык кеңештин учурдагы Регламенттеги добуш берүү жөнүндөгү бекитилген чечимин өзгөртүүгө шаардык кеңештин жалпы депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык маселелер шаардык кеңештин  протоколуна киргизилет.

11.4.        Добуш берүүдө бир маселе боюнча шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ, «ооба» же «каршы» деген чечимди кабыл алуу керек же кабыл алууда «калыс” болуу керек. Добуш берүү жарыя кылынгандан кийин аны эч ким үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.

11.5.        Добуштарды санагандан кийин төрага чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Кворум болбой калган учурда төрага добуш берүүнү шаардык кеңештин кеңешмесине которот.

11.6.        Жабык добуш берүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бекиткен тартипте өткөрүлөт. Жашыруун добуш берүү бюллетендерди колдонуу менен өтөт.

11.7.        Шаардык кеңеш жабык добуш берүүнү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт.     Эсептөө комиссиясы өз курамынан төрага жана катчыны шайлайт.

11.8.        Жашыруун добуштун бюллетендери эсептөө комиссиясынын көзөмөлү астында шаардык кеңештин бекиткен чечими менен кеңештин депутаттарынын санына ылайык даярдалат.

11.9.        Бюллетенде добуш берүү үчүн чечимдин долбоору боюнча «ооба», «каршы», «бардыгына каршы» деген варианттар каралат. Добуш берүүнүн орду жана убактысы, өткөрүү тартиби учурдагы Регламентке ылайык эсептөө комиссиясы тарабынан аныкталып, анын төрагасы тарабынан жарыяланат.

11.10.    Жашыруун добуш берүү үчүн шаардык кеңештин ар бир депутатына бирден бюллетень берилет жана депутат тизмедеги өзүнүн аты-жөнүнүн каршысындагы орунга кол коет.

11.11.    Жашыруун добуш берүү бюллетени атайын эсептөө комиссиясы бекиткен урнага салынат. Эсептөө комиссиясы депутаттарга жашыруун добуш берүүгө шарт түзүүгө милдеттүү.

11.12.    Депутаттардын добушун эсептөөдө туура эмес формадагы же депутаттын добушун аныктоо мүмкүн эмес болгон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетендердеги добуштарды саноо учурундагы толуктоолор эсепке алынбайт.

11.13.    Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу эсептөө комиссиясы протокол түзөт жана ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.

11.14.    Эсептөө комиссиясынын төрагасынын докладынын негизинде сессияда төрагалык кылган адам чечим кабыл алынгандыгын же алынбагандыгын жарыялап билдирет. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык кеңештин токтомуна жазылат.

11.15.    Өткөрүлгөн добуш берүүдө кемчиликтер кетирилгени байкалса, ал боюнча сунуштар, оңдоолор добуш берүүгө коюлат жана шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.

11.16.    Добуш берүү боюнча каралган маселелер, чечимдер, негизинен, депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат, учурдагы Регламентте башкача тартип каралган эмес.

 

Шаардык кеңештин кеңешмелериндеги протокол жана стенограммалар

12-берене.

12.1.        Шаардык кеңештин кеңешмелеринде протоколдор жазылат жана аны шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Шаардык кеңештин кеңешмелеринин протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат: кеңешмени өткөрүү орду, өткөрүү убагы, күнү; кеңешмеге катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер; документтердин аттарын жана редакциясын; сесиянын төрагасынын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добуш берүүгө киргизилген маселелер жана сунуштар, аларды чечүү жолдору; добуш берүүнүн жыйынтыгы жана чечим кабыл алуу.

Протоколго кеңешмени алып барган төрага кол коет.

12.2.        Шаардык кеңештин кенешмелеринде дагы стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы жазууну шаардык кеңештин аппараты ишке ашырат.

12.3.        Кеңешменин стенограммасы чечимди кабыл алуу жана талкуулоолорду толугу менен чагылдырышы керек ошондой эле  кеңешменин өткөн орду, убагы, күнү, күн тартиби, төраганын аты-жөнү көрсөтүлүшү керек.

 

Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары

13-берене.

13.1.        Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.

13.2.        Шаардык кеңештин токтому шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушу менен сессияда кабыл алынат.

13.3.        Шаардык кеңештин токтомуна шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Төрага жок болгон учурларда шаардык кеңештин кайрылууларына, арыздарына, токтомдоруна төраганын орун басары кол коет.

13.4.        Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

13.5.        Жергиликтүү кеңештердин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

13.6.        Шаардык кеңештин башка маселелерин уюштуруу иштеринин жыйынтыктарын кароо токтом менен жөнгө салынат. Бул эгерде Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана учурдагы Регламентте аларды жөнгө салуу тартиби көрсөтүлбөсө, жыйынтыктар токтом менен тартипке салынат.

IV–БӨЛҮМ

ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА

14-берене.

 

14.1.        Шаардык кеңештин ар бир депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын  кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын   кагылышуусу) качууга   милдеттүү.

14.2.        Шаардык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында кандай гана маселени караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон   жана  добуш   берүүдөн  өз  эрки менен четтөөгө тийиш.

14.3.        Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда туруктуу комиссия тиешелүү корутундуну шаардык кеңештин  кароосуна  сунуш   кылууга   милдеттүү.

14.4.        Жыйналыштарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир  бирөөнүн   дарегине   негизсиз   айыптоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды   пайдаланбоого, мыйзамсыз   аракеттерге   чакырбоого тийиш.

 

Шаардык Кеңештин имаратында тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо

15-берене.

15.1.        Шаардык кеңештин жыйналыштар өтүүчү залы шаардык кеңештин жыйналыштарын өткөрүүчү расмий жай  болуп саналат, ал жерде катышып отургандар тартипти, этиканы  жана  жүрүм-турумдун  белгиленген ченемин   сакташат.

15.2.        Шаардык  кеңеш иштеп жаткан учурда депутаттар жана ага катышкан адамдар шаардык  кеңештин   расмий иш    мүнөзүнө ылайык  келген кийим кийип жүрүүгө тийиш.

15.3.        Жыйналыштардын убагында уюлдук байланыш каражаттарын пайдаланууга тыюу  салынат.

Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

16-берене.

16.1.        Эгерде депутат жыйналыштарда өзүнүн жүрүм-туруму менен шаардык кеңештин жыйналышын өткөрүүгө жолтоо  кылса, төрагалык  кылуучунун  эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же жыйналыштын катышуучулары менен  кайым  айтышса, талкууланган темадан башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса ага карата    төмөнкүдөй    чаралар колдонулушу    мүмкүн:

1)      эскертүү;

2)      жыйналыштын   аягына   чейинки    мөөнөткө сөз    бербөө.

16.2.        Ушул  главанын  жоболорун  биринчи  жолу  бузганда, төрагалык  кылуучу  эскертүү берет жана ушул Регламент менен белгиленген тартипти сактоо талабы  менен  кайрылат. Кайрадан жана андан кийин да тартип  бузуулар  болсо, ага карата ушул  главанын 1-бөлүгүндө каралган   чара  көрүү колдонулат.

16.3.        Эгерде  депутат башка  адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айткан жана кесөө көрсөткөн, күч колдонгон учурда ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча  материалдар  тиешелүү органдарга   берилет.

16.4.        Депутатка жана шаардык кеңештин жыйналыштарына катышкандарга карата колдонулуучу   чаралар    жыйналыштын     протоколунда    белгиленет.

 

V-БӨЛҮМ

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖАНА ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕ

17-берене

 

17.1.        Шаардык кеңеш шаардын өкүлчүлүктүү бийлик органдары жана көз карандысыз мамлекеттер жана чет өлкөлөр менен кызматташуу жөнүндө келишим түзө алат.

17.2.        Шаардык кеңеш шаардын өкүлчүлүктүү бийлик органы катары башка региондордун жергиликтүү кеңештери менен кызматташуу жөнүндө келишим түзө алат жана жеринде депуттаттык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүүгө укуктуу.

 

 

Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиптери жана ыкмалары

18-берене.

 

18.1. Шаардык кеңеш, анын Аппараты, сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:

1)      шайлоочуларды кабыл алуу;

2)      сунуштарды, арыздарды, сунуштамаларды кароо;

3)      чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, семинарларды, кеңешмелерди, жыйналыштарды, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;

4)      мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандардын укуктарын бузуу боюнча депутаттык териштирүү жүргүзүү жөнүндө жарандардын кайрылууларын кароо;

5)      шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.

18.2.   Фракциялардын, шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мекеме, ишканалар жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.

Шаардык кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдары, жарандык коомдук  уюмдары   менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

19-берене.

19.1.        Шаардык кеңеш, анын органдары, депутаттар өз ара аракетти жана кызматташтыкты ушул Регламент жана иш пландар менен аныкталган иштин тариздерине жана ыкмаларына ылайык төмөнкүлөр менен жүзөгө ашырат:

1)      мамлекеттик органдар менен;

2)      жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары анын ичинде шаардык, мекеме ишканаларда түзүлгөн коомдук байкоочулар Кеңештери менен;

3)      улуттук, этностук, диний, атайын жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен;

4)      эл аралык уюмдар жана фонддор менен;

5)      саясий партиялар менен.

19.2.        Жыл сайын аппараттын тиешелүү кызматкерлери шаардык кеңеш тарабынан бекитилген жобого ылайык шаардык Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт.

19.3.        Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу шаардык Кеңештин жыйналыштарында депутаттар тарабынан каралат.

 

VI. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ

 

Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

20-берене.

 

20.1.        Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен же туруктуу комиссиялар тарабынан киргизилген сунуштар кеңештин күн тартибине коюлат жана биринчи кезекте каралат.

20.2.        Шаардык кеңештин Регламентинде кемчиликтер менен кабыл алынган чечимдер шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган учурдан тартып жараксыз деп табылат.