• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз V-  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 25

Токтогул шаары                                                                          19-сентябрь  2014-жыл

Токтогул шаарындагы социалдык объектилердин жана шаардын тургундарын азык-түлүк менен камсыз кылууда жеке менчик соода түйүндөрүнүн, кафэ-ресторандардын, сатылып жаткан азык түлүктөрдү сактоочу жайлардын санитардык абалы боюнча

Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын, “Билим берүү, медицина, маданият, спорт, жаштар саясаты, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн, Токтогул райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери Ч.Турдубаевдин, Токтогул шаардык мэриясынан Б.Досбаевдин катышуусунда борбордук базарды, аймактык оорукананын айланасындагы соода түйүндөрүн, “Кутман” дүкөнүн, Ала-Бел тараптагы майда соода түйүндөрүн, “Талас”, “Дакен” дүкөнүн, тез татым буфетин,  “Алымкан” универмагынын айланасындагы майда соода түйүндөрүн, мектептердин, балдар бакчаларынын ашканаларын текшерүү жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32 беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамынын 20-беренесине ылайык, жогоруда аталган биргелешкен комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз V – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын аймагындагы социалдык объектилердеги ашканалардын (мектептер, балдар бакчаларындагы) санитардык-гигиеналык абалы жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Шаардагы жеке менчик соода түйүндөрүндө, тамак-аш сатуучу кафе, ашканаларда  ашпозчу жана тейлөөчү кызматкерлердин санитардык китепчелеринин жоктугу,  атайын форма кийишпегендиги, идиш-аяк, кол жууй турган жердин жоктугу, азык-түлүк сактоочу жайлардын санитардык эреженин талаптарына жооп бербегендиги аныкталып, аларды жоюу боюнча  ыйгарым укуктуу органдар менен бирге иш алып баруу зарылчылыгы баса белгиленсин.

3.   Санитардык-гигиеналык абалдын жакшыруусуна тийиштүү деңгээлде көңүл бурушпай, соода орундарынан ижара акысын алганды эң башкы максат кылышкан базар ээлери, ашкана, соода түйүндөрүнүн ээлери менен тыгыз иш алып баруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен  санитардык норманы сактап, кардарларга жагымдуу жагдай түзүүнү  уюштуруу жагы Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөркановага  милдеттендирилсин.

4.  Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-май № 72 “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби” жөнүндө мыйзамынын 7 беренесине ылайык,   ушул токтомдо көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу, калктын саламаттыгын сактоо, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу жана четтетүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, шаарыбыздагы жалпы соода түйүндөрүнүн, азык-түлүк сактоочу жайлардын, ашканалардын санитардык абалын кварталына бир жолудан кем эмес текшерип, санитардык-гигиеналык эрежелердин нормага ылайык келтирилиши боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирип туруу жагы Токтогул райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Д.Курбаналиевден суралсын.

5. Токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрайымы М.Ондошевага тапшырылсын.

7.   Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды

8. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары:                                    С.Абышов