• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезектеги IV-  сессиясынын

ТОКТОМУ № 19

Токтогул шаары                                                      05- август 2014-жыл

С.Молдокеева атындагы № 7

Манас орто мектебинин директору Ч.Суракматованын кайрылуусун кароо боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Мыктаровдун билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезектеги IV – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Манасчылар жана төкмө акындар” ассоциациясынын мүчөсү, кыргыз элинен чыккан биринчи семетейчи, маркум Сейдана Молдокееванын  айкелин тургузуу боюнча  кайрылуу канаатандырылсын.
  2. Токтогул шаарындагы А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы “Баатырлар аллеясынан” (А.Жанышбаевдин айкелинин катарынан) Сейдана Молдокееванын айкелин орнотууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
  3. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарыны мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Сыдыковго милдеттендирилсин.
  5.   Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                               К.Дербишев