• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз III – сессиясынын
ТОКТОМУ № 14

Токтогул шаары                               24.06.2014-жыл
Токтогул шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясында 03.03.2014-жылы кабыл алынган № 145 токтомунун 5 тиркемесине өзгөртүү киргизүү боюнча

Токтогул шаардык мэриясынын 13.06.2014-жылдагы № 147 өтүнүч катынын карап чыгып, “Экономика, бюджет, финансы, рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын 23.06.2014-жылдагы жыйналышынын чечимин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз III – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жактырылып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясынын 03.03.2014-жылдагы № 145 токтомунун 5 тиркемесине өзгөртүү киргизилсин.

2. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу № 145 токтомдун 5 тиркемесинде көрсөтүлгөн:
– жаштар аллеясын куруу үчүн каралган – 1186,5 сом;
– балдар аянтчасын куруу үчүн каралган – 300,0 сом;
жалпы 1486,5 (бир миллион төрт жүз сексен алты миң беш жүз) сом кыскартылсын жана бул акча каражаты төмөндөгү курулуш иштерин жүргүзүүгө жана башка иштерди каржылоо үчүн жумшалсын;
– статья 31113290 боюнча жаңы лицей мектебине курулуш курууга кошумча -1000,0 сом;
– статья 31113290 боюнча Боконбаев, Токтогул мектептерине ажаткана курууга кошумча -200,0 сом;
– статья 31112390 боюнча Токтогул шаардык мэриясынын имаратынын бир бөлүгүн капиталдык оңдоо үчүн -166,5 сом;
– статья 22111100 боюнча Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин сапар чыгымдары үчүн 120,0 сом;
Жалпы сумма: 1486,5 (бир миллион төрт жүз сексен алты миң беш жүз) сом.
3. Ушул токтомдун 2 пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүү боюнча билдирме (уведомление) беруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Экономика, бюджет, финансы, рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Солтоевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылсын.

Токтогул шаардык
кеңешинин төрагасы: К.Дербишев