Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II –  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 13

Токтогул шаары                                                           04.06.2014-жыл

 

01.04.2014- жылга карата Токтогул шаардык мэриясынын атайын эсебине түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык,  Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II –  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токтогул шаарында 2014-жыл 13-апрель  Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, саясий партиялардын мэрия менен түзгөн келишимдеринин негизинде, көрнөк-жарнактарды илүүсүнөн атайын эсепке 82,0 (сексен эки миң) сом түшкөндүгү белгиленсин.
  2. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп, чыгымдалсын:

 

Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына:

–  статья 22154900 – 26,8 (жыйырма алты миң сегиз жүз) сом;

–  статья 22141100- 55,2 (элүү беш миң эки жүз) сом;

Жалпы: 82,0 (сексен эки миң) сом

3. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча билдирме (уведомление) беруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Экономика, бюджет, финансы, рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага тапшырылсын.

6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылсын.

 

Токтогул шаардык

кенешинин төрагасы:                                           К.Дербишев