• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II –  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 10

Токтогул шаары                                              04.06.2014-жыл

 

Токтогул шаарынын борбордук аянтынын жана анын айланасындагы эстеликтердин архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жөнүндө

 

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Б.Бармановдун 02.06.2014-жылдагы № 578 каты менен берилген сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II – сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын борбордук аянтынын айланасындагы маданий баалуулук катары эсептелинген айкелдердин архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу  жана айкелдерди бири-бири менен композициялык жактан байланыштыруу максатында төмөндөгү иштер аткарылсын:

–       борбордук аянттагы фонтандын түштүк тарабындагы Т.Сатылгановдун бюстун (постаменти менен бирге) Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына которуп, орнотуу;

–          жаңыдан жасала турган Т.Сатылгановдун айкелин борбордук аянттагы фонтандын түштүк тарабына (мурдагы бюсту турган ордуна)  орнотуу;

–          борбордук аянттагы А.Сүйөркуловдун айкелин А.Сүйөркулов атындагы көчөнүн түндүк тарабына которуп, орнотуу (РЭС тарапка, XXVI-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын 16.09.2010-жылдагы № 3 (10) токтому);

2. Мындан ары Токтогул шаарынын борбордук аянтына айкелдерди орнотууга,  башка ар кандай курулуш иштерин жүргүзүүгө  тыюу салынсын.

3. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Сыдыковго тапшырылсын.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылсын.

 

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                      К.Дербишев