• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II –  сессиясынын

ТОКТОМУ № 09

Токтогул шаары                                          04.06.2014-жыл

 

Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, маркум  Бекмамат Осмоновдун ысымын Токтогул шаарынын көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу жөнүндө

 

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Б.Бармановдун 03.06.2014-жылдагы № 581 каты менен берилген сунушун угуп, талкуулап, ошондой эле маркум Бекмамат Осмоновдун Токтогул районунун элинин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын жогору баалап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын Ош атындагы көчөсүнө маркум Бекмамат Осмоновдун ысымы ыйгарылып, мындан ары Бекмамат Осмонов атындагы көчө деп аталсын.
  2. Бекмамат Осмонов атындагы көчөнүн тазалыгын ар дайым камсыздап, жашылдандыруу-көрктөндурүү иштерин жүргүзүү жагы Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын жетекчиси А.Маранбаевге тапшырылсын.
  3. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Мыктаровго милдеттендирилсин.
  4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылсын.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                               К.Дербишев