Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV – сессиясынын
ТОКТОМУ № 150
Токтогул шаары 03-март 2014-жыл
Токтогул шаарында шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын көрнөк-жарнактарды илүүсү боюнча
Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикке караштуу “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын жетекчиси А.Маранбаевдин сунуш, билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партияларга үгүт материалдарын илүү үчүн шаардын ички аймагынан атайын орундар же аянттар берилсин жана эки тараптуу макулдашылган келишимдин негизинде 1 м2 аянтка 500 (беш жуз) сом акча каражатын төлөө белгиленип, бекитилсин.
- Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын инженери А.Маранбаевге милдеттендирилсин.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев