Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV – сессиясынын
ТОКТОМУ № 149
Токтогул шаары 03-март 2014-жыл
Токтогул шаардык мэриясынын
2014-2016-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн план программасын бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011 жылы 15-июлдагы № 101 Мыйзамына ылайык, жогоруда аталган социалдык-экономикалык өнүгүүнүн план программасын карап жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешенин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Токтогул шаардык мэриясынын 2014-2016-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн план программасы жалпысынан жактырылып, кабыл алынсын жана бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы боюнча жылдын жыйынтыгы менен жалпы элдик жыйындарда билдирип туруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык
кеңешинин төрагасы: К.Дербишев