Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV – сессиясынын
ТОКТОМУ № 148
Токтогул шаары 03-март 2014-жыл
Токтогул шаардык Кенешинин төрагасы К.Дербишевдин ээлеген кызматын аткарууну убактылуу токтотуу боюнча
Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV – сессиясы К.Дербишевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” № 98 мыйзамынын 17- беренесине ылайык, К.Дербишевдин Токтогул шаардык Кеңешинин төрагалык кызматын аткаруусу шайлоолордун жыйынтыктары аныкталганга чейин убактылуу токтотулсун.
- Шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин, шаардык Кеңештин ишин жүргүзүү жагы Токтогул шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы С.Наралиевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине) жайгаштырылсын.
Токтогул шаардык
Кенешинин төрагасы: К.Дербишев