• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги

XXXIV-сессиясынын

ТОКТОМУ № 146

Токтогул шаары                                                                                       03 – март  2014 жыл

 

“01.01.2014 жылга карата  Токтогул шаардык мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011 жылы 15-июлдагы  № 101 Мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын билдирүү, маалыматтарын угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV-сессиясы

Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

  1. Токтогул шаардык мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын 01.01.2014 жылга карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө маалымат билдирүүлөр эске алынып, жыл башында калган сумма жалпы 359 091, 01 тыйын, анын ичинен негизги счеттон калдык 324 322, 31 тыйын жана атайын счеттон калдык 34768,70т калгандыгы белгиленсин жана алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын.
  • Негизги счеттон калдык:  324 322, 31 тыйын

“Таза суу” мекемесине:

Статья 22211200           – 324 322, 31 тыйын – суу түтүктөрүн кезектеги  ондоо үчүн

  • Атайын счеттон калдык: 34768,70 т

 

Мэриянын аппаратына:

Статья 22221200  -11 201  сом шаардык мэриянын аппаратына ар кандай чыгымдар үчүн;

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына:  Статья 22221200 -21 925,70 т “Ынгайлуу шарт түзүү” комбинатынын ар кандай чыгымдары үчүн;

Балдар бакчасына:   Статья 22221200- 267 сом  ар кандай чыгымдар үчүн;

Мектепке:                 Статья 22221200- 1375 сом ар кандай чыгымдар үчүн;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевге,  ал эми аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

      Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                      К.Дербишев