Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги

XXXIV-сессиясынын

ТОКТОМУ № 144

Токтогул шаары                                                                                       03- март 2014 жыл

“Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинин 2013-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы  жана 2014-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын, Токтогул шаардык Кеңешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Исраиловдун билдирүү, маалыматтарын угуп, талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV –сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгү 2013-жылга (атайын каражаттар, трансферттерди кошкондо) 65105,7 (алтымыш беш миллион бир жүз беш миң жети жүз) сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 65583,1 (алтымыш беш миллион беш жүз сексен үч миң бир жүз) сомго  аткарылгандыгы бекитилсин (Тиркеме  №1,2).
  2. 2014-жылга Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 32060,0 (отуз эки миллион алтымыш миң) сомго бекитилсин (Тиркеме № 3,4).

Анын ичинен:

Атайын каражат жана атайын фонд -6095,5 (алты миллион токсон беш миң беш жүз) сом;

Жергиликтүү салык, салыктык эмес жыйымдар – 25964,5 ( жыйырма беш миллион тогуз жүз алтымыш төрт миң беш жүз) сом;

3. Токтогул шаардык мэриясынын 1% резервдик фонду 2014-жылга жалпы көлөмү 257,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

4.Бул токтомдун 2 пункту менен бекитилген  акча каражаты калктын суроо талаптары боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Токтогул шаардык мэриясынын алдыдагы аткара турган иштери жана арыз, кайрылууларды канаатандыруу   Тиркеме № 5ке ылайык чыгымдалсын, аларды тиешелүү статьялар боюнча чыгымдоо жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин (Тиркеме  № 5).

5.Токтогул шаардык мэриясына караштуу  № 2 Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана реконструкциялоо проектиси боюнча өздүк салым катары  31113390-статьясына 306 315 (үч жүз алты миң үч жүз он беш) сом бөлүнүп берилсин.

6.Ар бир кварталда өтүүчү кезектеги сессияга бюджеттик маселелер  тууралуу маалымат, билдирүү берип туруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевге,  аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевке жана ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

8.Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Токтогул шаардык

Кеңешинин төрагасы:                                               К.Дербишев