• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXXIII – сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 143

 

Токтогул шаары                                                           19-февраль 2014-жыл

 

Токтогул шаарындагы Таласбай кичи районунун   Акжон участкасынан бир көчөгө маркум Абышов Султанкулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

 

Токтогул шаарынын тургуну Абышов Саматтын кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Токтогул  шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз  XXXIII – сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Маркум Абышов Султанкулдун  Токтогул шаардык мэриясындагы жана башка тармактардагы көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып,  Токтогул шаарындагы Таласбай кичи районунун   Акжон участкасынан бир көчөгө анын ысымы ыйгарылсын.
  2. Жаңы көчөдөгү ар бир үйгө Абышов Султанкулдун ысымы жазылган жазууну (табличканы) даярдоо, көчөнү жашылдандырып, көрктөндүрүүгө көмөк көрсөтүү жагы С.Абышовдун балдарына, туугандарына милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы,  арыздар,  каттар, мыйзамдуулукту чындоо, даректуу жардам жана жумушсуздук” боюнча   туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Азимовго тапшырылсын.
  4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                           К.Дербишев