Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXXIII – сессиясынын
ТОКТОМУ № 142

Токтогул шаары                                                          19-февраль 2014-жыл

Атайын эсептин акча каражаттарынын пайдаланышына контрол жүргүзүү үчүн байкоочу кеңешке Токтогул шаарынан өкүл шайлоо боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун 6-пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXXIII – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарынан атайын эсептин байкоочу кеңешине өкүл шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.

2. Жалал-Абад обулусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдаланууга контрол жүргүзүү үчүн байкоочу кеңешке өкүл катары Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты Кылданов Сапар Токоевич шайлансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
кенешинин төрагасы: К.Дербишев