• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз V-  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 22

Токтогул шаары                                                                          19-сентябрь  2014-жыл

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин атайын эсебине пландан тышкары түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жана 03.03.2014-жылдагы № 144 токтомунун 4 Тиркемеси боюнча айрым статьяларга өзгөртүү киргизүү боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз  V – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражат эсебине пландан тышкары келип түшкөн акча каражаттары:

Мэриянын аппаратына жана “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына:

  •   Бөкөнбаев атындагы орто мектебинен алынып салынган  жылытуу

             системасынын эски материалдарын сатуудан  - 120,0 миң сом;

  •   ОсОО “Нур” телекомунан келишимдин негизинде - 80,0 миң сом;
  •   Т.Сатылгановдун 150-жылдыгына карата түзүлгөн фонддон  - 249 735   сом;

 Жалпы: 449 735 сом

 

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу 449 735 сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалып жумшалсын:
  •   22154900 статьясы боюнча - 200,0 миң сом акча каражаты шаар күнүн  уюштуруп, өткөрүү үчүн;
  •   31113290 статьясы боюнча - 249 735 сом Токтогул шаарындагы борбордук аянттагы скверлерге  түнкү жарык берүү үчүн;

 

  1. Аткарыла турган жумуштардын натыйжалуулугун арттыруу максатында  03.03.2014-жылдагы № 144 токтомунун 4 Тиркемесиндеги статьялар боюнча төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

Мэриянын аппаратынан:

  •     22221100  статьясынан  15,0 миң сом кыскартылып, бул акча  каражаты 22154900 статьясы  боюнча кошумча чыгымдалсын;

   

 

 “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынан:

  •    22221100  статьясынан 143,0 миң сом кыскартылып, 22231100 статьясы боюнча 80,0 миң сом жана 22154900 статьясы боюча 63,0 миң сом  кошумча чыгымдалсын;

 

  1. Токтогул шаардык мэриясына караштуу  № 1 “Достук”, №2 “Арча Бешик”, № 3 “Наристе”, №11 “Күн Нуру”, № 13 “ Байчечекей”   балдар бакчаларына ата-энелерден түшкөн кирүү взностору жана демөөрчүлүк жардам катары берилген акча каражаттары боюнча (киреше жана чыгашалары)   планга тактоо киргизүү менен регионалдык казына бөлүмүнө билдирме (уведомление) берип туруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага тапшырылсын.
  2. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 Токтогул шаардык  кеңешинин

 төрагасынын орун басары:                                            С.Абышов