• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз V-  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 21

Токтогул шаары                                                                          19-сентябрь  2014-жыл

Токтогул шаарынын аймагында жашаган айрым тургундарга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу, Ардак Грамота менен сыйлоо жана “Таза мекеме”, “Үлгүлүү үй” номинациясын ыйгаруу боюнча

Токтогул шаардык мэриясынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын XII-бөлүмүнүн 1,2 пункттарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаарык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз V – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Коомдук иштерге активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларга, демөөрчүлүккө ар дайым көмөктөшкөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй бүлөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн, калк арасында эмгеги сиңген төмөндөгү аты аталган Токтогул шаарынын тургундарына “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
  1. Эшенкулов Калкожо- “Жазгүл соода комплексинин” директору
  2. Сагымбаев Талапбек-ардактуу пенсионер 
  3. Токтобекова Жамила-ардактуу пенсионер
  1. Токтогул шаарындагы үлгүлүү үйлөрдү, таза мекемелерди тандап, тез арада аныктоо жагы Токтогул шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссияга тапшырылсын.
  2. Ушул токтомдун 1 пунктунда  көрсөтүлгөн тургундар үчүн “Ардактуу атуул” төш белгисин, күбөлүгүн, башка тургундар үчүн Ардак Грамоталарды, ошондой эле жогорудагы комиссиянын чечими менен берилүүчү “Үлгүлүү үй”, “Таза мекеме” тактайчаларын даярдоо жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге  тапшырылсын.
  3. Токтомду  2014-жылдын 26-сентябрь күнүнө чейин аткаруу зарылчылыгы белгиленсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы  К.Мыктаровго милдеттендирилсин.
  5. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Токтогул шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары:С.Абышов