Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз III - сессиясынын
ТОКТОМУ № 14
Токтогул шаары 24.06.2014-жыл
Токтогул шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясында 03.03.2014-жылы кабыл алынган № 145 токтомунун 5 тиркемесине өзгөртүү киргизүү боюнча
Токтогул шаардык мэриясынын 13.06.2014-жылдагы № 147 өтүнүч катынын карап чыгып, “Экономика, бюджет, финансы, рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын 23.06.2014-жылдагы жыйналышынын чечимин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз III – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жактырылып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясынын 03.03.2014-жылдагы № 145 токтомунун 5 тиркемесине өзгөртүү киргизилсин.
- Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу № 145 токтомдун 5 тиркемесинде көрсөтүлгөн:
- жаштар аллеясын куруу үчүн каралган - 1186,5 сом;
- балдар аянтчасын куруу үчүн каралган – 300,0 сом;
жалпы 1486,5 (бир миллион төрт жүз сексен алты миң беш жүз) сом кыскартылсын жана бул акча каражаты төмөндөгү курулуш иштерин жүргүзүүгө жана башка иштерди каржылоо үчүн жумшалсын;
- статья 31113290 боюнча жаңы лицей мектебине курулуш курууга кошумча -1000,0 сом;
- статья 31113290 боюнча Боконбаев, Токтогул мектептерине ажаткана курууга кошумча -200,0 сом;
- статья 31112390 боюнча Токтогул шаардык мэриясынын имаратынын бир бөлүгүн капиталдык оңдоо үчүн -166,5 сом;
- статья 22111100 боюнча Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин сапар чыгымдары үчүн 120,0 сом;
Жалпы сумма: 1486,5 (бир миллион төрт жүз сексен алты миң беш жүз) сом.
- Ушул токтомдун 2 пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүү боюнча билдирме (уведомление) беруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Экономика, бюджет, финансы, рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Солтоевага милдеттендирилсин.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылсын.
Токтогул шаардык
кеңешинин төрагасы: К.Дербишев