• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XI  сессиясынын

ТОКТОМУ № 55

2015-жылдын 14-августу                                                                  Токтогул шаары      

Токтогул шаарынын аймагында ар кандай жарнактарды жана маалыматтарды

жайгаштыруу үчүн  төлөмдү жана борбордук аянтта, мамлекеттик  жыйналыштардан сырткары, ар кандай багыттагы жыйналыштарды, оюн-зоок программаларды өткөрүү үчүн төлөмдү бекитүү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө»,  «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарын  жана башка укуктук нормативдик актыларды жетекчиликке алуу менен Токтогул шаардык мэриясына караштуу “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын жетекчиси А.Маранбаевдин сунушун жана ал боюнча “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаардын аймагында жарнак материалдарды  бир айлык мөөнөт менен жайгаштыруу үчүн 1м2 жарнак аянтчасына - 500 сом төлөө бекитилсин.

 

  1. Борбордук аянтта, мамлекеттик жыйналыштардан сырткары, ар кандай жыйналыш, оюн-зоок программаларды өткөрүү үчүн 1 күнгө  15,0 миң сом төлөө бекитилсин.
  2. Жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын жана ушул токтомдун талаптарына ылайык иш жүргүзүү  жоопкерчилиги “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын жетекчиси   А.Маранбаевге милдеттендирилсин.
  3.  Жалпысынан бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
  4. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана  кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул поселкалык кеңешинин XXVI чакырылышынын  X сессиясында 11.08.2011-жылы кабыл алынган № 02/49 токтому жана Токтогул шаардык кенешинин XXVI чакырылышынын  XXXIV сессиясында 03.04.2014-жылы кабыл алынган № 150 токтому кучүн жоготту деп табылсын.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                  К.Дербишев

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева              0 37 47 5 04 51, 0 773 80 29 46